# Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 3-ноябрындагы № 3 “Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди теришгирүү боюнча колдонмону” бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 3-ноябрындагы № 3 “Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди теришгирүү боюнча колдонмону” бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200619>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-940/edition/1056100/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200619.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 3-ноябрындагы № 3 “Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди теришгирүү боюнча колдонмону” бекитүү жөнүндө" буйругу (03.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200619

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2020-жылдын 3-ноябры № 3 “Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди теришгирүү боюнча колдонмону” бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15- сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандаргтары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркемеге ылайык «Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча колдонмо» бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги:

- бул буйрукту аткарууга алсын;

- катталгандан тартып үч иш күндүн ичинде «Эркин Тоо» гезитине бул буйрукту жарыяласын;

- бул буйрук расмий жарыялангандан тартып үч иш күндүн ичинде, буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат катары жиберсин.

3. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Т.О.Солтобаевге жүктөлсүн.

Министр

Б. Бердалиев
