Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИНИН Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин “Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын ондоо жана күтүү боюнча иштерди пландаштыруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругуна өзгортүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2021-жылдын 14-январы № 1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 “Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын ондоо жана күтүү боюнча иштерди пландаштыруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругуна өзгортүүлөрдү киргизүү тууралуу “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү оз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Жобого ылайык, БУЙРУК КЫЛАМЫН;
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы №162 “Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын оңдоо жана күтүү боюнча иштерди плаидаштыруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын ондоо жана күтүү боюнча иштерди пландаштыруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
19-пунктта: “кароо” деген соз “макулдашуу” деген соз менен алмаштырылсын; экинчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан” деген сөздөр "Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Автомобиль жолдор башкармалыгы:
ушул буйрук бекитилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү менен биргеликте ушул буйруктун Эркин-Тоо гезитине расмий жарыялануусун камсыз ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү расмий жарыяланган күндөн тартып уч жумушчу күндүн ичинде эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук маалымат каражаттарында, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин; күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн жиберилсин.
3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана көземөл бөлүмү берилген буйруктардын чегинде кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо журналына ушул буйрукту каттоодон өткөрсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 5 күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Т.О.Солтобаевге жүктөлсүн.
Министр
Б.Ч. Бердалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө…Приказ · 02.05.2017 · № 162
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон