# КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 28-январындагы №4 "Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 28-январындагы №4 "Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200603>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-930/edition/1041643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 28-январындагы №4 "Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200603

---

КР Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 205 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ

2021-жылдын 28-январы №4 Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 21-июлундагы № 2 буйругу менен бекитилген электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускамага ылайык, буйрук кылам:

1. Ишканаларды (мекемелерди) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүүнүн тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- күчүнө киргенден тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Директор

Т.И. Нурбашев
