# КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 27-январы №3 "2020-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 27-январы №3 "2020-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-929/edition/1041603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 27-январы №3 "2020-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө" буйругу (27.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200602

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ

2021-жылдын 27-январы №3 2020-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 358 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөнүн усулдугуна ылайык, буйрук кылам:

1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык 2020-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченеми бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Директор

Т.И. Нурбашев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 27-январындагы № 3 буйругуна тиркеме

2020-жылга карата "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ЧЕНЕМИ

Жоготуулардын аталышы

2020-жыл

Газ түтүктөрүндөгү жаратылыш газынын жоготуулары

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКтын газ транспорттук тутумуна келип түшкөн жаратылыш газынын көлөмүнөн 9,1%
