# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 44 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 44 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1095/edition/480512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 44 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (13.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20059

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-марты № 44 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого толуктоо киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасындагы калктуу пункттардын-поселкалардын статусун белгилөө маселеси мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин поселкалык башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн тартибин аныктоо үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигин жүзөгө ашырууда поселкалардын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү болуп эсептелген жарандардын укуктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо демократиялык принциптерди жана талаптарды, атап айтканда айыл өкмөт башчыларына көрсөтүү субъектилерин кеңири камтууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобонун 1-главасынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын поселкалык башкарууларынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн тартиби "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жобо менен белгиленген айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартибине ылайык жүргүзүлөт".

2. Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
