Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө буйругу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ 2020-жылдын 4-августу № 2-д Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык буйрук кылам: Төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери бекитилсин:
1) «Улуттук паспортторду жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жеринде документтештирүү» 1-тиркемеге ылайык;
2) «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо» 2-тиркемеге ылайык;
3) «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо» 3-тиркемеге ылайык;
4) «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдүү уюлдук байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун жарактуулугу жана жараксыздыгы жөнүндө маалымат берүү» 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери:
1) кызматкерлерди мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттери менен тааныштырышсын;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлер тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттеринин сакталышын жеке контролго алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер сектору мыйзамдарда белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жиберсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына расмий жарыялоо жана маалымат үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү ушул буйрукту Кызматтын ведомстволук сайтына жарыяласын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары А.А. Туйбаевага жана Т.К. Батыркановго кураторлук багыттарына жараша жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.М. Мамбеталиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- «Улуттук паспортторду жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жеринде документтештирүү» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ (Кыргыз…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо» МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ…Регламент · 04.08.2020 · № 2-д
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2021-жылдын 6-январындагы № 2-д "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын…Приказ · 06.01.2021 · № 2-д
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселеси…Постановление · 20.06.2019 · № 308
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон