# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН 2020-жылдын 28-апрели № 306 "Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин административдик регламентти бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН 2020-жылдын 28-апрели № 306 "Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин административдик регламентти бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-906/edition/1005235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН 2020-жылдын 28-апрели № 306 "Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин административдик регламентти бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ (21.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200519

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 6 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 21-майындагы № 303 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2020-жылдын 28-апрели № 306 "Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин административдик регламентти бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" № 26 токтомунун 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-1-пунктун аткарууда жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра бекитилгендигине байланыштуу "Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламенттин жол-жоболорун ылайык келтирүү зарылчылыгына карата, буйрук кылам:

1. Тиркемеге ылайык "Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызматынын Административдик регламенти бекитилсин жана колдонууга берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы ушул буйруктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилде расмий жарыяланышын камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булактарын көрсөтүү менен Укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

4. Бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилде, күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.

5. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын 18-апрелиндеги "КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн администрациялык регламентин бекитүү жөнүндө" № 410 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул буйруктун аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы милициянын подполковниги А.Б. Исраиловго жүктөлсүн.

7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги М.Д. Каниметовго жүктөлсүн.

8. Ушул буйрук расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министр милициянын генерал-майору

К. Джунушалиев
