# ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 49 "Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 49 "Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-904/edition/1001427/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 49 "Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө" БУЙРУГУ (29.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200517

---

ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 29-апрели № 49 Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелдеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ПЖ№ 80 Жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин, ал эми Ош шаарынын аймагында 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин белгиленгендигине байланыштуу Ош шаарынын аймагында Covid-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу иш-чараларын улантуу максатында буйрук кылам:

1. Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты тарабынан мурда берилген кагаз түрүндөгү тоскоолсуз жүрүү үчүн атайын өткөрмө уруксат кагаздары (пропуск) 2020-жылдын 10-май саат 24:00ге чейин жарактуу деп эсептелсин.

2. 2020-жылдын 25-апрелине чейин берилген электрондук атайын өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтү автоматташтырылган маалымат тутумунда 2020-жылдын 10-май саат 24:00ге чейин узартылат.

3. 2020-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейинки мөөнөттө берилген электрондук атайын өткөрмө уруксат кагаздардын мөөнөтүн автоматташтырылган маалымат тутумунда узартуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, алар жараксыз деп табылат жана жарандар тийиштүү документтерди 3222.tunduk.kg сайтына кайрадан толтурулуп, кайрылуулары зарыл.

4. Өзгөчө абал режимин жана коменданттык сааттын талаптарын камсыз кылуу жана аларды бузган атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүү милдеттери өзгөчө абал режимин камсыздоо иш-чараларына тартылган укук коргоо жана күч түзүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлсүн.

5. Буйрук коомчулукка жеткирилсин.

6. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Комендант

Нурдинов М.А.
