# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 12 "Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 12 "Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-882/edition/1000225/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 12 "Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ (15.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200494

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 15-апрели № 12 Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге, Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкери Т.Кадыровго жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине:

- 5 даражадагы өнөкөт бөйрөк оорусу бар, саламаттыкты сактоо органдарынан гемодиализ кызматын алып жаткан жарандарды (медициналык справкасынын негизинде) жана аларды коштоп бара жаткан адамдарды автоунаалары менен күндүзү жана түнкүсү облустун аймагында уюштурулган баардык посттордон тоскоолдуксуз өткөрүүнү уюштурууну;

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге, Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкери Т.Кадыровго жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
