# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 11 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 11 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200493>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-881/edition/1000221/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 11 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ (15.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200493

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 15-апрели № 11 Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режими учурунда автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардын арыздарын кабыл алуу иштерин уюштуруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Нарын ОИИБнын Каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Д.Абдыкаировго жана Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге:

- Өзгөчө абал режими учурунда Нарын шаарынын аймагында жана Ат-Башы районунун аймагында автоунаа менен жана жөө жүрүүгө уруксаат кагаздарын алууга келген жарандардын арыздарын кезеги менен кабыл алып, каттап, уруксаат кагаздарын берүү иштерин уюштурсун;

- күн сайын саат 12-00 гө, 15-00 гө жана 18-00 гө уруксаат кагаздарын алуу үчүн жарандардан келип түшкөн арыздарды Нарын шаарынын жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери ыкчам штабына келип түшкөн арыздардын тууралыгын, маанилүүлүгүн карап чечүү үчүн берүүңүздөр талап кылынат;

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын ОИИБнын Каржы-чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Д.Абдыкаировго жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
