# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 7 "Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 7 "Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-879/edition/1000203/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 7 "Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ (14.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200491

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 14-апрели № 7 Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровго:

- Нарын шаарынын жарандарын өз убагында азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында шаардын аймагына азык-түлүк саткан 5 жылып жүрүүчү автоунааларды уюштурууну;

- Өзгөчө абал режими учурунда коменданттык сааттын эрежелерин сактабаган жана башка мыйзам бузууларды жазаган жарандарды кармап, убактылуу жайгаштыруу үчүн тез арада имараттарды уюштурууну;

2. Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Сатаровго:

- Нарын облусунун Ат-Башы районунун жарандарын өз убагында азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн Ат-Башы айыл аймагына жана райондун аймагындагы айылдарына жылып жүрүүчү автоунааларды уюштурууну;

- Өзгөчө абал режими учурунда коменданттык сааттын эрежелерин сактабаган жана башка мыйзам бузууларды жазаган жарандарды кармап, убактылуу жайгаштыруу үчүн тез арада имараттарды уюштурууну;

- Ат-Башы районунда коронавирус илдети көп аныкталып жаткан Ача-Кайыңды, Ак-Жар, Бирлик жана Ат-Башы айылдарында дезинфекциялоо иштерин күчөтүүнү;

- Ат-Башы районунун аймагындагы “Чар” постунда уюлдук телефон байланышы жана башка байланышууга мүмкүн болгон каражаттар жок болуп жаткандыктан, бул маслени тез арада чечүүнү;

3. Нарын шаардык жана Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине:

- Өзгөчө абал режими учурунда мыйзам бузган ар бир жаранга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү менен массалык маалымат каражаттарына чагылдырууну;

4. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башчысы Койчуманов Айбек Маметовичке:

- Нарын облусунун аймагында уюштурулган обсервация жайларында кызмат өтөп жаткан медицина кызматкерлерин жана милиция кызматкерлерин нөөмөттөн чыккан учурда өздөрүн обсервацияга 14 күн жаткырууну;

- Оорунун илдеттерин жуктуруп алган адамдарды өз убагында аныктоо, дарылоо, аларды изоляцияга алуу максатында жарандардан экспресс-анализдерди алуу үчүн КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу ветеринардык лабораторияларды, “Бонецский” жана “Аква” жеке лабораторияларын көмөктөшүүгө тартуу маселесин чечүүнү;

- Ар бир медицина кызматкерлерин жеке коргонуу халат, бет кап, кол кап, атайын көз айнек жана башка керектүү медициналык каражаттар менен толук камсыздоону;

5. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкер Кадыров Талант Эсенгуловичке жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкер Турпанбаев Мадланбек Тураровичке жүктөлсүн.

6. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
