# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 6 "Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында коомдук тартипти уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 6 "Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында коомдук тартипти уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-878/edition/1000201/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрели № 6 "Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында коомдук тартипти уюштуруу жөнүндө" БУЙРУГУ (14.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200490

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 14-апрели № 6 Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында коомдук тартипти уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинини Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө 14-апрель 2020-жылдагы ПЖ № 72 жарлыгынын талабына ылайык ошондой эле өзгөчө абал кирген аймактарда коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Ат-Башы жана Нарын ШРИИБдин начальниктери коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуусун токтотуу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен иш алып барып уюштуруу боюнча жоопкер адамды дайындасын.

2. Нарын ШИИБдин жана Ат-Башы РИИБдин начальниктерине:

- территориалдык мамлекеттик органдар, кызматтар менен иш аракеттерди координациялоо, биргеликте тыгыз иштерди алып баруу жана ыкчам штабдарды түзүүнү;

- үй карантиндеринде жайгашкан кээ бир адамдардын үйлөрүнөн чыкпоолору жана обсервация пункттарында, дарыланууда жаткан адамдарды алар жайгашкан жерлеринен кетпөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүнү;

- коомдун жана жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти коргооону камсыз кылууну;

- тейлеген аймакта абалдын өнүгүшү боюнча маалыматтарды чогултуу, жалпылоо жана маалыматтардын анализин жүргүү боюнча иштерди уюштурууну;

- короновирус инфекциясын (COVID-19) жуктурганга шектүү жана өзгөчө абал режимин бузгандарды коомдон обочолонтууну жана өзүнчө кармоону камсыз кылууну.

3. Аткарылган иштер боюнча көрсөтүлгөн тартипте коменданттын ыкчам штабына маалымдоону.

4. Буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Ат-Башы РИИБдин жана Нарын ШИИБдин начальниктери милициянын полковниктери Б.Арзыгулов, Т.Кадыровдорго жүктөлөт.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
