# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 4 "Коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими учурунда Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын ыкчам иштерин камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 4 "Коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими учурунда Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын ыкчам иштерин камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200488>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-876/edition/1000195/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 4 "Коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими учурунда Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын ыкчам иштерин камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ (14.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200488

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 14-апрели № 4 Коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими учурунда Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын ыкчам иштерин камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинини Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө 14-апрель 2020-жылдагы ПЖ № 72 жарлыгынын талаптарын аткаруу ошондой эле коронавирус инфекциясына байланышкан кризистик кырдаалдын тез арада нормалдашуусун камсыздоо максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Т.Шонкоевге:

-Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы блок постторду керектүү жабдыктар жана оборудованиялар ( палатка, стол, стул, обогреватель, байланыш каражаты, биотуалет) менен камсыз кылынсын.

2. Нарын облустук ҮБДТнын башкы дарыгери Алияскаров Муратбек Алияскаровичке:

- Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы блок постторго күнү-түнү (круглосуточно) кезмет менен 2 ден медициналык кызматкерлерди керектүү жабдыктар (коргоочу костюм, тепловизор, электрондук термометр) медициналык иш аракеттердин алгоритмин түзүү менен камсыз кылууну.

- Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жарандардын клиникалык ооруларын (температура өлчөө менен ) аныктоо максатында медициналык кызматкерлерден турган мобилдүү топторду түзүүнү.

- обсервация пункттарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөп жаткан ИИОнун кызматкерлеринин анализдерин алууну уюштурууну.

3. Нарын шаардык санитардык эпидемиологиялык кызматы жана Таза-Нарын ишканасы (А.Суранов)

-Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жана обсервация пункттарынын чектелген периметрлерин дезинфекциялоону камсыз кылууну.

4. Ат-Башы районунун акими Н.Сатаровго жана Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровго:

-Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан блок постордо кызмат өтөп жаткан ИИОнун, медициналык кызматтын жана башка кызматтардын кызматкерлерин үч маал ысык тамак менен камсыз кылууну.

- блок посттордо кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге коргонуучу костюмдар жана башка коргонуучу каражаттар жетишсиз болгондуктан, кезмет алмашууда бири-бириникин жийиркенип кийүүдөн баш тартышууда. Ошондуктан постто иш алып барып жаткан ар-бир кызматкерди коргонуучу костюм жана башка коргонуучу каражаттар (очки резиналык өтүк, бет кап күнүгө жок дегенде 3 маал алмаштырууга жеткидей, антисептикалык каражаттар.) менен толук камсыз кылууну.

- өзгөчө кырдаал режимин бузган үй-жайсыз жана башка адамдарды убактылуу кармоо үчүн жайларды уюштурууну.

- блок посттордо Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендантынын буйруктарынын көчүрмөлөрүн, арыздардын үлгүлөрүн, посттордон тоскоолдуксуз өтүү боюнча жарандардын кайрылууларынын жана комендант тарабынан берилген справкалардын үлгүлөрүн илүү боюнча стенддерди уюштурууну.

- калктын аярлуу катмарларын колдоо багытында ишти алып барууну уюштурууну.

- блок постторду ФСК (бетон тоскоолдуктар), тиешелүү жол белгилери, дезинфекциялык барьерлерди орнотууну.

- ушул буйруктун тиешелүү пункттарынын талаптарын аткарууну 2020-жылдын 15-апрель саат 18-00 гө чейин камсыз кылууну.

5. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданттары (М.Турпанбаев, Т.Кадыров)жогорудагы буйруктун талаптарынын эффективдүү ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрүүнү

6. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
