# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 6-апрелиндеги № 26 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 6-апрелиндеги № 26 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-868/edition/999905/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 6-апрелиндеги № 26 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ (06.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200480

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 6-апрели № 26 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин уюштуруу жана координациялоо үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына курамына Эрназаров Жеңиш Нуркалилович киргизилсин.

2. Ж.Н.Эрназаровго Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарындагы айыл-чарба жана социалдык-экономикалык тармактагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана аларды жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен чечүү жолдорун сунуштоо жүктөлсүн.

3. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

Комендант

Ж. Джоробеков
