Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 16-февралы № 33 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 36 Жарлыгынын 2, 3-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-февралындагы № 32 токтому менен бекитилген, 2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планына ылайык, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 5 300 000 сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы бекитилген сметага ылайык каржылоону жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-февралындагы № 32 "2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл…Постановление · 10.02.2012 · № 32
- КР Президентини н 2012-жылдын 8-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 08.02.2012 · № 36 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон