# ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 25-мартындагы № 5 "Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында коменданттык саат киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 25-мартындагы № 5 "Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында коменданттык саат киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-847/edition/1135923/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 25-мартындагы № 5 "Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында коменданттык саат киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ (25.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200459

---

ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 25-марты № 5 Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында коменданттык саат киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Ош облусунун, Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү" ПЖ № 56 Жарлыгынын 5-пунктунун талаптарын аткаруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында короновирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламатыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2020-жылдын 25-мартынан баштап 2020-жылдын 15-апрелине чейин саат 20:00ден саат 07:00ге чейин коменданттык саат киргизилсин.

2. Белгиленген аймактарда:

- коменданттын Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча орун басарлары коменданттык саата кызмат өтөө үчүн техника жана күч каражаттар аныкталсын.

- коменданттын маалымат борбору тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу жарандарга коменданттык саат жөнүндө маалымат жеткирилсин.

коменданттык саат учурунда жарандардын, жеке менчик автоууналардын жана тоскоолдуксуз жүрүүгө атайын өткөрмө уруксат кагазы жок жүрүүгө тыюу салынсын. Өзгөчө абалдын талаптарына баш инбеген жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.

3. Буйруктун талаптарын аткаруу жагы коменданттын Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.

4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Комендант милициянын полковниги

Нурдинов М.А.
