# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылды 30-мартындагы № 15 "Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылды 30-мартындагы № 15 "Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-841/edition/1135911/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылды 30-мартындагы № 15 "Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ (30.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200453

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылды 30-марты № 15 Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 57 Жарлыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында жарыяланган өзгөчө абал учурундагы киргизилген чектөөлөргө ылайык, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Жалал-Абад шаарынын ИИБнин начальниги Э.Ы.Молдокеевге, Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын подполковниги Э.А.Сатаровго:

- Жалал-Абад облусунун ИИБнин, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун ИИБнин өздүк курамын кызмат ордуна, тейлеген аймактарда жайгашкан блокпостторго жана карантиндик постторго жеткирүүнүн маршруттук схемаларын иштеп чыгышсын;

- Кызматкерлерди кызмат ордуна, блокпостторго жана карантиндик постторго жеткирүү үчүн транспорт каражаттарын (автобус, кичи автобус) уюштуруп, кызматкерлердин өз учурунда кызмат ордуна чыгуусун камсыздашсын.

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
