# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы № 30 "2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы № 30 "2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1081/edition/362343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы № 30 "2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому (13.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20045

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 7-февралы № 30 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө (КР Борборшайлоокомунун 2012-жылдын 13-мартындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формалары бекитилсин (№ 1 тиркеме, № 1, № 2, № 3-формалар).

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин коргоо даражасы бекитилсин (№ 2 тиркеме).

3. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2008-жылдын 1-сентябрындагы № 51 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
