# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 9 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунундагы блокпосттордун жашоо турмушун камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 9 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунундагы блокпосттордун жашоо турмушун камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-835/edition/1135885/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 9 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунундагы блокпосттордун жашоо турмушун камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ (27.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200447

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 27-марты № 9 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунундагы блокпосттордун жашоо турмушун камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо иш-чаралардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, ыкчам абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник К.А. Камаловго:

- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпосто турган өздүк курамдын тамактануусу көзөмөлгө алынсын;

- блокпосто турган өздүк курамдын мончого түшүүсү жана кийимдеринин жуулусун көзөмөлгө алынсын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИКАКтын № 704 аскер бөлүгүнүн базасында уюштурулсун;

- “Боз-Чычкан” постунда жайгашкан № 36806 жана № 92840 аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы № 36806 аскер бөлүгүнүн командиринин карамагына жөнөтүлсүн.

2. № 52870 аскер бөлүгүнүн командирине:

- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпосто турган Ички иштер органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, санитардык зыянсыздандыруу жана медициналык кызматкерлеринин өздүк курамынын тамактануусун көзөмөлгө алынсын;

- “Боз-Чычкан” постунда жайгашкан 36806 жана 92840 аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы 36806 аскер бөлүгүнүн командиринин карамагына кеткендигине байланыштуу, 52870 аскер бөлүгүнөн АРС-14 даана жана медициналык машина “Ленд-Ровер” үлгүсүндөгү даана № 5 “Боз-Чычкан” постунда даярдалып алып түшүлсүн.

3. № 704 аскер бөлүгүнүн командирине:

- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпосто турган өздүк курамын мончого түшүүсүн жана кийимдеринин жуулусу аскер бөлүктүн базасында өткөрүлсүн.

4. Жалал-Абад шарынын жана Сузак районунун аскер комиссиариатынын башчыларына:

- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпостун камсыздалуусун (чатыр, жарык, тамактанууга стол, отургуч, жуунучу шайман, маска, кол кап, антисептик каражаттары жана блокпостторго биотуалеттерди койсун көзөмөлгө алынсын;

5. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик жана көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына полковник К.А. Камаловго жүктөлсүн.

6. Буйрук тиешелүү өздүк курамга жеткирилсин.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
