# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 26-мартындагы № 5 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 26-мартындагы № 5 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-831/edition/1135877/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 26-мартындагы № 5 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ (26.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200443

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 26-марты № 5 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин уюштуруу жана координациялоо үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына төмөндөгүлөр кошумча киргизилсин:

- Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Муратаалы Абдыкарович,

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Омошов Эрмек Алянович;

- юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Керимов Авазбек Келдибекович, Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;

- юстициянын 2-класстагы кеңешчиси Мурзаев Арслан Акимович, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынынын прокурору;

- юстициянын 3-класстагы кеңешчиси Осмонов Мырза Шермаматович, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору;

- милициянын полковниги Кадырова Чынара Кадыровна, Жалал-Абад облусунун ИИБдин Катчылыгынын начальниги;

- милициянын подполковниги Досов Авазбек Макамбаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККККББнын Жалал-Абад облусу боюнча начальниги;

- милициянын майору Джалилова Райхан Шерикбаевна, Жалал-Абад облусунун ИИБдин Катчылыгынын улук инспектору;

- капитан Токтосунов Мырзабек Култаевич, Кыргыз Респбликасынын ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы;

2. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
