Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 26-марты № 5 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин уюштуруу жана координациялоо үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына төмөндөгүлөр кошумча киргизилсин:
- Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Муратаалы Абдыкарович,
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Омошов Эрмек Алянович;
- юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Керимов Авазбек Келдибекович, Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;
- юстициянын 2-класстагы кеңешчиси Мурзаев Арслан Акимович, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынынын прокурору;
- юстициянын 3-класстагы кеңешчиси Осмонов Мырза Шермаматович, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору;
- милициянын полковниги Кадырова Чынара Кадыровна, Жалал-Абад облусунун ИИБдин Катчылыгынын начальниги;
- милициянын подполковниги Досов Авазбек Макамбаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККККББнын Жалал-Абад облусу боюнча начальниги;
- милициянын майору Джалилова Райхан Шерикбаевна, Жалал-Абад облусунун ИИБдин Катчылыгынын улук инспектору;
- капитан Токтосунов Мырзабек Култаевич, Кыргыз Респбликасынын ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы;
2. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.