Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 7-февралы № 29 Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө "Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын ишмердиги жөнүндө" БШКнын 2010-жылдын 2-февралындагы № 27 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6, 15-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 4-5-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
а) саясий партиялардын өкүлдөрүнөн:
- Сарбаева Майрамкүл Жаналиевна - "Улуу Биримдик" Улуттук-демократиялык партиясынан;
- Чынгышев Шакен Кадышевич - "Кыргызстандын коммунисттери партиясы" саясий партиясынан;
- Иманалиев Мирлан Тургунбаевич - "Ата-Мекен" саясий Социалисттик партиясынан;
- Сарыбаева Айгүл Сапаралиевна - "Ата-Журт" саясий партиясынан;
- Отомбаева Майрамкүл Калыбаевна - "Каганат" саясий партиясынан.
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктү органдарынын
өкүлдөрүнөн: Карыбаев Искендер Тулешович, Мамытова Динара Социаловна, Ахметова Күлбүбү Зайнудиновна, Огурлуева Любовь Башировна, Галиев Алмасбек Мукашевич.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62