# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 24-мартындагы № 1 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Толук аталышы: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 24-мартындагы № 1 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-827/edition/1037278/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 24-мартындагы № 1 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ (24.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200439

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 24-марты № 1 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. 2020-жылдын 25-мартынын тартып 15-апрелине чейин саат 20-00дөн 07-00гө чейин Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында коменданттык саат киргизилсин.

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын коменданты милициянын полковниги Э.Ы.Молдокеевге жана Сузак районунун коменданты милициянын полковниги Э.А.Сатаровго жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
