Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-декабры № 425 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-1-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарларынын мэрлерин кайрадан шайлоо 2012-жылдын 20-январына дайындалсын.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы, Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон