# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 17-январындагы №1 "2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 17-январындагы №1 "2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-803/edition/992471/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 17-январындагы №1 "2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө"буйругу (17.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200411

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН

БУЙРУК

2020-жылдын 17-январы №1 2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 358 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөнүн усулдугуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ: Ушул буйруктун тиркемесине ылайык 2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченеми бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.

Директор

Т.И.Нурбашев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун- энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын «17»январы №1 буйругуна

2019-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченеми

Жоготуулардын аталышы

2019-жыл

Газ түтүктөрүндөгү жаратылыш газынын жоготуулары

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКтын газ транспорттук тутумуна келип түшкөн жаратылыш газынын көлөмүнөн 9,1%
