# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1073/edition/362608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (27.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20037

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-декабры № 420 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалсын.

2. Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага.

Төрага

Т.Абдраимов
