Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства финансов Кыргызской Республики от 11 июля 2023 года № 2-П "Об утверждении Положения по ведению бухгалтерского учета и финансовой отчетности в секторе государственного управления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-07-11.
КР Финансы Министрлигинин 2023-жылдын 11-ноябрындагы № 2-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2019-жылдын 16-сентябры №107-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына ыйгарым укук берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жободо:
- 3-главанын 5-параграфынын аталышында “активдер” сөзүнөн кийин “жана финансылык милдеттенмелер” сөздөрү менен толукталсын;
- 31-пункттагы «активдер (мүлк)» сөздөрүнөн кийин “финансылык милдеттенмелер” сөздөрү менен толукталсын;
- 302- пункт төмөндөгү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Учурдагы дебитордук карыз – бул төлөм мөөнөтү жете элек карыз. Мөөнөтүнөн өтүп кеткен дебитордук карыз – бул келишимде белгиленген мөөнөттө тындырылбаган карыз.»;
- 319-пункт төмөндөгү мазмундагы экинчи - төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Кредитордук карыз - белгиленген тартипте түзүлгөн келишимге ылайык товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөргө берилген бюджеттик мекеменин финансы-экономикалык ишин ишке ашыруу алкагында жеке жана юридикалык жактар (кредиторлор) алдында келип чыгуучу милдеттенме. Учурдагы кредитордук карыз - эмгек, жарандык, укуктук жана салыктык мыйзамдарынын алкагында келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу процессинде пайда болуучу карыз. Мөөнөтүнөн өтүп кеткен кредитордук карыз – келишимде белгиленген же төлөөгө эсепке алынган учурдан баштап, 30 күндүк мөөнөттүн белгиленген төлөм мөөнөтүнүн формалдуу келишиминин жоктугунда, төлөм мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги боюнча милдеттенме.»;
- 766-пункттун онунчу абзацындагы “карыздар (6-тиркеме)” сөзүнөн кийин «, сатып алуучулар, берүүчүлөр жана башка дебиторлор жана кредиторлор менен эсептешүүнү инвентаризациялоо актысы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун 24.02.2017-ж. №1 буйругу менен бекитилген мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөгө карата 6-тиркеме)” сөздөрү менен толукталсын.
2. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгы:
1) бул буйрук катталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине мамлекеттик жана расмий тилде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыяласын;
2) бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр
Б.Ж.Жеенбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СЕКТОРУНДА БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИ ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖОБОПоложение · 25.12.2018 · № 137-П · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылдын 11-июлу № 2-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону…Приказ · 11.07.2023 · № 2-П · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Приказ Фонд управлению государственным имуществом при Правительстве КР от 24 февраля 2017 года № 1 "Об утверждении пакета документов, регламентирующего процесс инвентаризации и…Приказ · 24.02.2017 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрилигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү…Приказ · 25.12.2018 · № 137 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылдын 11-июлу № 2-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону…Приказ · 11.07.2023 · № 2-П · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)