Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү тууралуу” буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2019-жылдын 26-августу № 90-Б Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуунун жана оптималдаштыруунун тартиби жөнүндө Жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-декабрындагы №169-П буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Башкаруунун коррупцияга каршы моделин киргизүү боюнча 2018-жылга карата жаңыланган иш-чаралардын планын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр:
- Окуу борбору тарабынан “Кошумча кесиптик билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн Административдик регламенти 1-тиркемеге ылайык;
- Баалуу металлдар департаменти тарабынан “Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн Административдик регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору
(Э.Д. Турдумамбетова), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти (К.М. Мадумаров) ушул буйруктун 1-пунктуна жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Административдик регламентине ылайык иш алып барсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору
(Э.Д.Турдумамбетова): ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Финансы министрлигинин расмий сайттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
- бул буйруктун көчүрмөсүн расмий жарыяланган күндөн баштап үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик реестерге каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
бул буйруктун көчүрмөсүн үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К. Азимовго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр
Б.Ж. Жеенбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон