# Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин 2019-жылдын 14-мартындагы № 2 “Учууларды метеорологиялык камсыздоо” КРАЭ-3 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин 2019-жылдын 14-мартындагы № 2 “Учууларды метеорологиялык камсыздоо” КРАЭ-3 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2019
- Редакциянын күнү: 14.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-766/edition/931213/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин 2019-жылдын 14-мартындагы № 2 “Учууларды метеорологиялык камсыздоо” КРАЭ-3 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” буйругу (14.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200325

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2019-жылдын 14-марты № 2 “Учууларды метеорологиялык камсыздоо” КРАЭ-3 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ошондой эле, Жарандык авиациянын Эл аралык уюмунун Стандарттарына жана сунуш кылынган Практикасына (ИКАО) максималдуу бирдейликти камсыздоо максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. “Учууларды метеорологиялык камсыздоо” КРАЭ-3” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 Буйругуна Тиркемеге ылайык расмий тилде өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.

4. Бул буйрукту аткарууга көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А. Ногойбаевге жүктөлсүн.

Тиркеме менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин сайтынан толугу менен тааныша аласыздар WWW.CAA.KG

Төрага

Ж. Бейшенов
