Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
СТРОИТЕЛЬНЫЕ НОРМЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ Система нормативных документов в строительстве СТОЯНКИ АВТОМОБИЛЕЙ АВТОМОБИЛЬ ТОКТОТУУЧУ ЖАЙЛАР
СТРОИТЕЛЬНЫЕ НОРМЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
Система нормативных документов в строительстве
СТОЯНКИ АВТОМОБИЛЕЙ
АВТОМОБИЛЬ ТОКТОТУУЧУ ЖАЙЛАР
Parkings
Киргизүү датасы 2018-ж. 27-декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдери автомобилдерди, кичи автобустарды жана башка мото транспорт каражаттарын токтотууга (сактоо) арналган имараттарды, курулмаларды, аянттарды жана жайларды долбоорлоого тиешелүү.
1.2 Ушул курулуш ченемдери автомобилдерди күнүмдүк оңдоо (КО) жана техникалык тейлөөгө (ТТ) арналган гараждарга, ошондой эле жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды ташуучу автомобильдерди токтотуучу жайларга жайылтылбайт.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды: ЭАКЧ 2.04-03-2005 Ызы-чуудан коргоо; ЭАКЧ 2 .04-05-95 Табигый жана жасалма жарык берүү; КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттын ички суу түтүгү жана канализациясы; КЧжЭ2.04.03-85 Канализация. Тышкы тармактар жана курулмалар; КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, вентиляция жана кондиционер менен жабдуу; КЧжЭ 2.06.15-85 Аймакты суу каптоодон жана суу басуудан инженердик коргоо; КЧжЭ 2.09.03-85 Өндүрүштүк ишканалардын курулмалары; КР КЧ 35-01:2018 Жашоо-турмуш чөйрөсүн долбоорлоо керектөөлөрүн эсепке алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү; КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу; КР КЧ 20-02:2018 Сейсмотуруштуу курулуш. Долбоорлоо нормалары; КР КЧ 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар»; КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2016-жылдын 27-майындагы №6 б. бекитилген Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысы; КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2016-жылдын 20-сентябрындагы № 7 б. бекитилген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 Коомдук саламаттык сактоо тармагында актыларды, Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекитүү жөнүндө. “Санитардык-коргоолуучу аймактар жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификациялоо” Токтомунун 3-тиркемесине ылайык; ГОСТ Р 51631-2008 (ЕН 81-70:2003) Жүргүнчүлөр лифтиси. Жеткиликтүүлүктүн техникалык талабы, кошумча дагы жеткиликтүүлүк майыптар жана калктын кыймылы чектелген тобу үчүн; ГОСТ Р 52382-2010 (ЕН 81-72:2003) Жүргүнчүлөр лифтиси. Өрт өчүрчүчтөр үчүн лифтер; ГОСТ Р 53296-2009 Иммараттарда жана курулуштарда лифтерди орнотуу. Өрт коопсуздугунун талабы; ГОСТ Р 53297-2009 Жүк ташуучу жана жүргүнчүлөр лифтиси. Өрт коопсуздугунун талабы; ГОСТ Р 53771-2010 (ИСО 4190-2:2001) Жүк ташуучу лифтер. Негизги өлчөмдүү жана ченемдери.
Э с к е р т ү ү - Ушул курулуш ченемдерин колдонууда жогорудагы шилтеме жасалган ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин үстүбүздөгү жылда жарык көргөн Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тийиштүү маалыматтык боюнча текшерүү максатка ылайык келет. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документтерди жетекчиликке алуу абзел. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылбай эле алынып ташталса, анда ага шилтеме берилген тиркеменин ушул шилтемеге тиешеси жок бөлүктөрү гана колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдерде төмөнкү терминдер тиешелүү аныктамалары менен колдонулду:
3.1 тышкы радиус: Бурулуштун тоскоолдуксуз болушун камсыз кылуучу жолдун автомобил өткөн бөлүгүнүн жээги (айдоочудан оң тарапта) боюнча бурулушунун эң кичине радиусу.
3.2 автомобиль кирүүчү жана чыгуучу тилкелер: Өтүү тыш өлчөмү автомобиль кыймылынын өтүү тилкесинин чегинде.
3.3 гараж: Автомобилдерди, мотоциклдерди жана башка транспорт каражаттарын токтотуу үчүн (сактоого), оңдоого жана техникалык тейлөөгө арналган имарат жана курулма, жай; турак үйдүн бөлүгү (кошулуп курулган гараждар) жана өзүнчө курулма болушу да мүмкүн.
3.4 механизмделген автомобиль токтотуучу жайлар: Автомобилдерди сактоочу ордуна (ячейка) жеткирүүгө механизмделген түзүлүштүн жардамы менен (айдоочу катышпаган) жүргүзүлүүчү автомобиль токтотуучу жай.
3.5 жер үстүндөгү жабык типтеги автомобиль токтотуучу жай: Тышкы тосмо конструкциялары бар автомобилдерди токтотуучу жай.
3.6 ачык типтеги жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жай: 50% аз эмес аянттын үстү тышкы тосмолордон жана ар бир кабатта тешикче орундардан, калганы тосмодон турган автомобилдерди токтотуучу жай.
3.7 кырдалган автомобиль токтотуучу жай: Жердин деңгээлинен кырча болуп чыгып турган 50% көп тышкы тосмо конструкциялары менен жер үстүндөгү же тереңдетилген автомобилдерди токтотуучу жай.
3.8 пандус: Бир кабаттуу (жер үстүндөгү жана жер астындагы) автомобилдерди токтотуучу жайларда автомобилдердин кирүүсүнө (чыгуусуна) ылайыкталган жантык конструкция.
3.9 тегиздик түрүндөгү ачык автомобиль токтотуу жайы: Автомобильдерди же башка жеке мото транспорттук каражаттарды бир деңгээлде ачык же жабык (өзүнчө бокстордо же металл тенттерде)сактоо үчүн атайын аянт (фундаментсиз).
3.10 жер астындагы автомобиль токтотуу жайы: Бардык кабаттары жайдын жертаманын белгилөөдө жердин мерчемделген белгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан ашык төмөн жайгашкан автомобилдерди токтотуучу жай.
3.11 жарым жартылай механизмделген автомобиль токтотуу жайы: Автомобилдерди парковка ордуна жеткирүү айдоочу тарабынан механизмделген түзүлүштү пайдалануу менен жүргүзүлүүчү автомобиль токтотуучу жай.
3.12 сактоо үчүн жай:Багыты жана колдонулушу боюнча кампа жайларына кирбеген автомобиль токтотуучу жайдын негизги жайы.
3.13 кирме кабат: Айдоочу автомобиль токтотуучу жайдан отура турган (чыга) кабат.
Э с к е р т ү ү: Механизмделген автомобиль токтотуучу жайда бул кабатта автомобилди айдоочудан кабыл алуучу/берүүчү жай жайгашкан.
3.14 автомобилдерди жана башка мото транспорттук каражаттарды туруктуу сактоо: автомобиль токтотуучу жайларда белгилүү бир автомобильдердин ээсине бекитилген автомобиль -орунда автомобильди жана башка мото транспорттук каражаттарды узак убакыт (12 сааттан ашык) сактоо.
3.15 техникалык тейлөө (ТТ) жана күнүмдүк оңдоо (КО) орду: Автомобилдерди тейлөө үчүн түзүлүштөрү бар орун.
3.16 рампа:Көп кабаттуу автомобиль токтотуучу жайларда автомобилдердин кабаттар ортосунда жүрүүсүнө ылайыкталган жантык конструкция; рампа ачык б.а. каптамы жана толук же жарым-жартылай дубал тосмолору жок, же аны жаан-чачындан коргоочу (толук же жарым-жартылай), каптам жана дубал менен болушу мүмкүн.
3.17 автомобиль токтотуучу жай(автомобиль токтотуучу жай, паркинг, парковка, гараж, гараж- токтотуучу жай):Жеңил автомобилдерди жана башка мото транспорт каражаттарын (мотоциклдерди, мотороллерлерди, мотоколяскаларды, мопеддерди, скутерлердиж.б.у.с.) сактоого (токтотууга) арналган имарат, курулма (имараттын бөлүгү) же атайын ачык аянт.
Э с к е р т ү ү: Автомобиль токтотуучу жайлар уланып курулган, кошулуп курулган, өзүнчө турган, жер астындагы, жер үстүндөгү жабык типтеги; тегиздикте ачык типтеги; ачык типтеги; модулдук тез тургузулуучу; калкып жүрмө (дебаркадердик); механизмделген; жарым-жартылай механизмделген, кырдалган; тосуп калма болушу мүмкүн.
3.18 автомобилдерди бокстук типте сактоо: Автомобилдерди өзүнчө бокстордо сактоо, андан чыгуу сыртка же ички өткөөлгө жүргүзүлөт.
3.19 автомобилдерди манеждик типте сактоо: Автомобилдерди жалпы ички өткөөлгө чыгуусу менен жалпы залда сактоо.
3.20 жер төлө кабат: Жайдын жер таманын белгилөөдө жердин мерчемделген белбелгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан ашык төмөн жайгашкан кабат.
3.21 жер астындагы кабат: Жайдын жер таман белгисинин жердин мерчемделген белгисинен жайдын толук бийиктиги боюнча төмөн жайгашкан кабат.
3.22 техникалык кабат: Үйдүн ички инженердик тутумдарын жайгаштыруу жана тейлөө үчүн арналган кабат, ал имараттын төмөнкү бөлүгүндө (техникалык жертөлө) же имараттын үстүнкү бөлүгүндө (техникалык чатыр), же болбосо жер үстүндөгү кабаттардын ортосунда жайгашуусу мүмкүн.
3.23 жер төлө кабат: Жайдын жер таманын белгилөөдө жердин мерчемделген белгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан ашык төмөн жайгашкан кабат.
4 Автомобиль токтотуучу жайларды жайгаштыруу. Жалпы жоболор.
4.1 Ушул курулуш ченемдеринде А тиркемесине ылайык жеңил автомобилдерди, кичи автобустарды жана мото транспорттук каражаттарды токтотуучу жайлар каралат (мындан ары – автомобиль токтотуучу жайлар).
Автомобилдерди токтоттучу жерлерди жайгаштыруу аймагында, шаардык жана айылдык калктуу конуштардын ченемдерин эсептөө жана өлчөмдөө, аларды жер тилкелер токтоочу жайларга чейин объекттерин куруу жана башка ченемдик талаптарды кабыл алуу керек:
- шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу пункттарга үчүн Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысына ылайык,
- айылдык калктуу конуштардын үчүн Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө;
4.2 Башка багыттагы имараттарга кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайлар ал имараттардан 1-типтеги КР КЧ 21-01 дубалдары менен бөлүнүүсү зарыл.
4.3 Башка багыттагы имараттарга же курулмаларга кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайлар кошулган имараттын же курулманын отко туруштук берүү даражасынан жана конструкциялык өрт кооптуулугу классынан кем эмес отко туруштук берүү даражасына жана конструкциялык өрт кооптуулугу классына ээ болушу керек.
Автомобиль токтотуучу жайлар кошулуп курулган функционалдык өрт кооптуулугу башка класстагы имараттар отко туруштук берүү даражасы I жана II, конструкциялык өрт кооптуулугу классы C0 жана C1 болушу керек. Мында функциялык өрт кооптуулугу Ф1.1, Ф4.1 классчадагы, ошондой эле А жана Б жарылууга жана өрткө кооптуу Ф5 классындагы имараттар кирбейт. Имараттарга кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайлары (механизмделген) ал имараттын жайларынан (кабаттан) 1-типтеги дубалдар жана тосмолор менен ажыратылуусу керек.
4.4 Ф1.3 Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.3 классчасындагы имараттарда кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайларды 2-типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүүгө жол берилет, мында турак кабаттар автомобиль токтотуучу жайдан турак эмес кабат менен бөлүнүүсү керек.
4.5 Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.4 классчасындагы имараттардагы автомобиль токтотуу жайында үй ээлерине имараттын отко туруштук берүү даражасына жана конструктивдүү өрт кооптуулугу классына көз карандысыз токтотууга уруксат берилет. Мында автомобиль токтотуучу жайлар отко туруштук берүү чеги EI 45 төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүшү керек. Автомобиль токтотуу жайы менен турак жайлардын ортосундагы эшик өрткө каршы болуп, отко туруштук берүү чеги EI 30дан төмөн эмес (жабылганда тыгыздалуучу жана өзү жабылуучу түзүлүшү бар) болушу жана уктоочу бөлмөгө түз чыкпашы керек.
4.6 Функциялык өрт кооптуулугу башка класстагы же классчадагы имараттарга улап курулган же кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайларда (Ф1.4 классчадагы имараттардан башка) өрттүн жайылып кетишин чектөө максатында автомобиль токтотуу тешикчеси менен башка функционалдык багыттагы имараттын жакынкы терезе же башка тешикчелеринин төмөнкү бөлүгүнө чейинки 4 м кем эмес аралыкты камсыз кылуу же көрсөтүлгөн тешикчелердин өрткө каршы толтурулушу же тешикчелердин үстүнө кеңдиги 1м кем эмес тешикченин кеңдигин бардык тарабынан 0,5 м кем эмес жаап туруучу күйбөгөн материалдан (К) туюк калканч каралышы керек.
4.7 Санитардык-коргоолуучу аймактар жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификациялоо” ылайык ачык жана жабык автомобиль токтотуу жайларын чарбалык-ичүүчү багыттагы суу алгычтардын санитардык-коргоочу үчүнчү-төртүнчү алкагында, ошондой эле суулардын, көлмөлөрдүн корук аймактарына жайгаштырууга жол берилбейт.
4.8 Суулуу мейкиндик жетиштүү корголгон шартта, эгер суулуу мейкиндикке химиялык жана бактериялык кирдетүүдөн коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн болсо, автомобиль токтотуу жайын санитардык-коргой турган аймактын үчүнчү алкагында жайгаштырууга жол берилет. Мындай учурлар санитардык-эпидемиологиялык, суу, геологиялык-гидрологиялык, экологиялык мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашууну талап кылат.
4.9 Автомобиль токтотуу жайлары жердин деңгээлинен төмөн жана/же жогору жайгашса болот, жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлүктөрдөн турушу, анын ичинде, бул имараттар чатырды колдонуу менен башка багыттагы имаратка кошулуп курулууга же I жана II отко туруштук берүү даражасындагы конструкциялык өрт кооптуулугу C0 жана C1 класстагы башка функциялык багыттагы имаратка уланып курулса болот. Мында функциялык өрт кооптуулугу Ф1.1, Ф4.1 классчадагы, ошондой эле Ф5 классындагы А жана Б жарылууга жана өрткө кооптуу имараттары кирбейт.
Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларды курулуш түшпөгөн аймакка жайгаштырууга да болот (өтмөктөрдүн, көчөлөрдүн, аянттардын, гүлбактардын, көк майсандын алдына ж.б.). Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.3 классчадагы имараттарга жабык типтеги автомобиль токтотуу жайларын гана улап курууга жол берилет.
4.10 Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.3 классчадагы имараттарга улап курулган жеңил автомобиль токтотуу жайлары жеке ээлер үчүн туруктуу бекитилген орундары менен болушу керек.
Автомобиль токтотуу жайларын функциялык өрт кооптуулугу Ф1.1 жана Ф4.1 классчадагы жайлары бар улап курулган имаратка түздөн-түз жайгаштырууга болбойт.
4.11 Кыймылдаткычы кысылган табигый газ жана суюлтулган мунай газы менен, ошондой эле газ жана суюк мотор күйүүчү отун/майларын айкалыштырып иштеген автомобилдер үчүн жабык типтеги автомобиль токтотуу жайларын башка багыттагы имаратка кошуп курууга жана ага улап курууга, ошондой эле жердин деңгээлинен төмөн жайгаштырууга жол берилбейт.
4.12 Автомобиль токтотуу жайларынан башка имаратка жана курулмаларга чейинки аралыкты Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдерге “Санитардык коргоочу чөлкөмдөр жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификциялоо”, 3-тиркемеге жана КР КЧ 21-01 ылайык кабыл алуу керек.
Жер астындагы жана жарым жартылай жер астындагы автомобиль токтотуу жайларын турак жана коомдук имараттарга жайгаштырууда, ошондой эле кырдалган автомобиль токтотуу жайы үчүн кирүү-чыгуудан турак же коомдук имаратка чейинки аралык регламенттелбейт.
4.13 Жер астындагы жана жарым-жартылай жер астындагы жана кырдалган автомобиль токтотуу жайлары үчүн кирүү-чыгуудан жана вентиляциялык шахталардан мектептин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, дарылоо-алдын-алуучу мекемелердин, турак үйлөрдүн, эс алуу аянттарынын ж.б. аймагына чейинки аралык регламенттелет жана ал 15м кем эмес болушу керек.
4.14 Калктын кыймылы чектелген тобу үчүн машина оруну КР КЧ 35-01 ылайык каралышы керек.
4.15 Автомобиль токтотуу жайларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелеринин көлөмү Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер “Санитардык коргоочу чөлкөмдөр жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификциялоо” боюнча аныктоо керек.
4.16 Автомобиль токтотуу жайына кирүү-чыгуу жакшы байкоо менен камсыз болуп жана автомобильдердин бардык кыймыл-амалдары жөө жүрүүчүлөргө жана жакын жайгашкан аймактагы транспорт кыймылына тоскоолдук жаратпай жүргүзүүгө ыңгайлуу жайгашуусу керек.
Турак жана коомдук имараттарга чейинки эң аз аралык атмосфералык абаны булгоо эсептерине жана акустикалык эсептерге негизделет.
4.17 Жер үстүндөгү жана жер үстүндөгү-жер астындагы турак жана коомдук имараттарга чейинки өрткө каршы аралык КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алынышы керек.
5 Көлөмдүк-мерчемдик жана конструкциялык чечимдер
5.1 Жалпы талаптар
5.1.1 Автомобиль токтотуу жайларынын сыйымдуулугу А тиркемесинде берилген машина-орундардын тыш-өлчөмүнө жана өткөөлдүн көлөмүнө ылайык эсептелет.
5.1.2 Жер үстүндөгү кабаттарды эсептөөдө бастырма орнотулбай колдонулган чатырдагы ачык автомобиль токтотуу жайы эске алынбайт. Бастырма орнотулган учурда ал жер үстүндөгү кабаттын санына киргизилет жана КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык туташтырылган кургак түтүктөрдүн түзүлүшүн талап кылат. Пайдалануудагы чатырдагы автомобиль токтотуу жайлары КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык каралган эвакуациялык чыгуулар менен камсыз болушу керек. Пайдалануудагы чатырда автомобиль үчүн убактылуу калка орнотууга жол берилбейт.
5.1.3 Автомобилди парковкалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) пандус, рампа боюнча айдоочунун катышуусу же жүк лифттерин колдонуу менен;
б) айдоочу катышпастан– механизмделген түзүлүштөр менен;
в) айдоочунун катышуусу менен жана механизмделген түзүлүштөрдүн жардамы менен.
5.1.4 Автомобилди сактоо үчүн орундун, пандустардын, рампалардын жана өткөөлдөрдүн автомобиль токтотуу жайлардагы параметрлери, сактоо орунундагы автомобильдердин ортосундагы, ошондой эле автомобиль менен имараттын конструкцияларынын ортосундагы аралыктар автомобильдердин тибине (классы), сактоо ыкмасына, автомобильдердин тыш өлчөмүнө, алардын кыймыл-амалына жана жайгашуусуна байланыштуу А тиркемесине ылайык долбоор менен белгиленет.
5.1.5 Коляска колдонуучу майыптар үчүн автомобиль -орундун тыш өлчөмү (коопсуздуктун мүмкүн болгон минималдуу жылчыгын эске алуу менен) 6,0 × 3,6 м. кабыл алуу керек.
5.1.6 Автомобиль сактоочу жайлардын жана имараттардынжарылуу жана өрт кооптуулугу боюнча категорияларын КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык аныктоо керек.
5.1.7 Отко туруштук берүү даражасы жана конструкциялык өрт кооптуулук классы, кабаттардын мүмкүн болгон саны жана жер астындагы жабык жана ачык, жер үстүндөгү автомобиль токтотуу жайларында өрт өчүрүү бөлүгүнүн чегинде кабаттын аянты КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алынуусу керек.
5.1.8 Автомобиль токтотуу жайларында тейлөөчү персонал жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактары үчүн кызматтык жай каралышына жол берилет. Анда күзөт, контролдоо жана кассалык пункттар, жүргүнчү лифттери, санитардык түйүндөр (анын ичинде калктын кыймылы чектелген тобу үчүн ыңгайлаштырылган), жуучу жайлар жайгаштырылат. Алардын курамы жана аянттарынын көлөмү долбоорлоо тапшырмасына ылайык долбоор менен аныкталат.
Автомобиль токтотуу жайларында соода жайларын (лотокторду, күркөлөрдү, дүкөнчөлөрдү) жайгаштырууга жол берилбейт.
5.1.9 бөлүмдө көрсөтүлгөн өндүрүштүк, кампа жана техникалык багыттагы (анын ичинде, инженердик-техникалык камсыздоо тармактары), мында жарылуу жана өрт кооптуулугу боюнча В4 жана Д категориясындагы жайлар кирбейт, отко туруштук берүү даражасы I, II жана IIIболгон имараттар 1-типтеги өрткө каршы калкалар жана 3-типтеги тосмолор менен бөлүнөт, ал эми отко туруштук берүү даражасы IV болгон имараттар 2-типтеги калка жана 4-типтеги тосмолор менен бөлүнөт.
Автомобиль токтотуу жайларында автомобилдердин жүк түшүрүү ордун кароодо автомобиль токтотуу жайынан отко туруштук берүү даражасы REI 45 болгон өрткө каршы тосмолор менен бөлүнгөн өзүнчө жайларды кароого жол берилет; аталган жайларга кирүү, жүк түшүрүү ордунун саны экиден көп эмес болгон учурда автомобиль токтотуу жайы аркылуу жүргүзүүгө жол берилет. Мерчемдөө чечими автомобиль токтотуу жайынын аталган жайларында товарларды, тараларды ж.б. кампа катары сактоо мүмкүнчүлүгүнө жол бербөөсү керек.
5.1.10 Автомобилдерди туруктуу жана убактылуу сактоочу 50дөн ашык автомобиль-орундуу автомобиль токтотуу жайларында негизги кирүү-чыгуусунда контролдук-өткөрмө пункт (тейлөөчү персоналдын,жыйноочу техника, тейлөөчү персонал үчүн жай, даараткана ж.б.) каралуусу керек, ошондой эле өрт өчүрүү үчүн алгачкы каражаттарды жайгаштыруучу аянт, жеке коргонуу каражаттары жана өрт өчүрүүчү куралдар менен жабдылышы керек.
5.1.11 Манеждик типтеги жеке ээлердин жеңил автомобильдерин сактоочу жайларда туруктуу бекитилген автомобиль -орунду бөлүп берүү үчүн күйбөгөн материалдан (К) тосмону (тор түрүндө) колдонууга жол берилет.
5.1.12 Автомобиль токтотуу жайларында табигый эмес жарыктандыруунун каралышына жол берилет. Адамдар дайыма боло турган жайларда табигый жарыктандыруунун биологиялык таасиринин жетишсиз болушуна жол берилет.
5.1.13 Жер титирөөгө туруктуулугу 7, 8 жана 9 балл болгон райондордо автомобиль токтотуу жайларын курууну долбоорлоодо КР КЧ 20-02 талаптарын сактоо зарыл.
5.1.14 Кыймылдаткычы кысылган табигый газ жана суюлтулган мунай газы менен иштеген автомобиль үчүн автомобиль токтотуу жайлары I, II, III и IV отко туруштук берүү даражасындагы, СО конструкциялык өрт кооптуулук классындагы өзүнчө турган имараттарда жана курулмаларда КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык каралышы керек.
Бензин же дизель менен иштеген автомобилдерди токтотуучу өзүнчө турган автомобиль токтотуу жайларында газбаллондук жеңил автомобилдерди сактоо үчүн жайларды жер үстүндөгү жогорку кабаттарда, ошондой эле ар бир бокстон сыртка түз чыккан бокстордо жайгаштыруу керек. Ачык типтеги, ошондой эле механизмделген автомобиль токтотуу жайларынын кабаттарына газбаллондук автомобилдерди сактоо үчүн жайгаштыруу (сактоо ярустарын желдетүүнү камсыз кылган шартта) ченемделбейт.
5.1.15 Газбаллондук автомобилдерди токтотууга төмөнкү жайларда жол берилбейт:
- автомобиль токтотуу жайларынын жертөлө жана жер астындагы кабаттарында;
- башка багыттагы имараттарга жайгаштырылган жер үстүндөгү жабык типтеги автомобиль токтотуу жайларында;
- жер үстүндөгү жабык типтеги обочолонулбаган рампалары менен автомобиль токтотуу жайларында;
- ар бир бокстон сыртка түз чыкпаган бокстордо автомобилдерди сактоодо.
5.1.16 Автомобиль токтотуу жайларынын кабаттарынын чегинин башка багыттагы жайлар менен (автомобиль токтотуу жайларынын комплексине кирбеген) же жакын жайгашкан өрт бөлүгү менен байланышуусу отко туруштук берүү чеги EI 45 болгон тосмолор жана отко туруштук берүү чеги REI 45 болгон калка менен, тешиктерди отко туруштук берүү чеги EI 45 болгон эшиктер менен толтуруу жана өрт учурунда аба тирөөчү менентамбур-шлюз аркылуу жол берилет.
Функциялык өрт кооптуулук классчасы Ф1.3 болгон имараттарда автомобиль токтотуу жайлары менен турак бөлүгүнүн ортосундагы кабаттын чегиндеги байланышка жол берилбейт. Автомобиль сактоо үчүн жакын жайгашкан өрт өчүрүү бөлүгүнүн ортосундагы байланыш отко туруштук берүү чегиEI 60 кем эмес болгон өрт чыкканда автоматтык түрдө жабылып калуу түзүлүшү менен жабдылган эшиктер менен толтурулган жылчыктар аркылуу каралса болот.
5.1.17 КР КЧ 35-01 ылайык автомобиль токтотуу жайлары калктын аз кыймылдуу тобу үчүн да жеткиликтүү болушу керек. Калктын аз кыймылдуу тобу үчүн парковка орду жер үстүндөгү автомобиль токтотуу жайларынын жердеги биринчи кабатында жана жер астындагы автомобиль токтотуу жайларынын жер астындагы биринчи (үстүнкү) кабатында каралышы керек.
5.1.18 Жер үстүндөгү автомобиль токтотуу жайлары бийиктиги тогуз катардан (ярус), ал эми жер астындагылар беш катардан (ярус) болушу мүмкүн.
Имаратта кабаттардын санын аныктоодо жертөлө кабаты имараттын жер үстүндөгү кабаты катары эсептелиши керек.
5.1.19 Бийиктиги 10м ашык көп кабаттуу автомобиль токтотуу жайлары имараттын чатырынын ар бир өрт өчүрүү бөлүгүнө экиден кем эмес чыгуусу болушу керек.
5.1.20 Автомобилдерди сактоочу жайлардын бийиктиги (жер тамандан чыгып турган курулуш конструкцияларына же инженердик коммуникацияларга жана илме жабдууларга чейинки аралык ) жана рампалардын, өткөөлдөрдүн үстүндөгү бийиктик эң чоң автомобильдердин бийиктигинен 0,2 м бийик, бирок 2м кем болбошу керек. Ошондой эле жайгаштырылган автомобильдердин классы имараттагы долбоорлоодо көрсөтүлөт. Адамдарды эвакуациялоо жолундагы өткөөлдөрдүн бийиктиги 2 м кем болбошу керек.
5.1.21 Автомобиль токтотуу жайларынын өрт бөлүгүнүн ар бир кабатында (механизмделген автомобиль токтотуу жайларынан тышкары) экиден кем эмес бөлүнгөн эвакуациялык сыртка, тепкич жайгашкан бөлүккө же 3-типтеги тепкичке түз чыгуу каралышы керек.
Эвакуациялык чыгыштардын бири каралган рампа обочолонуп, кеңдиги 0.8 м кем эмес тротуарда жана дөңгөлөк таканчыгын орнотуу менен жасалуусу керек. Бир эвакуациялык чыгуу каралган жакын жайгашкан өрт бөлүгү эки эвакуациялык сыртка чыгуу, тепкич жайгашкан бөлүккө же 3-типтеги тепкичке түз чыгуу менен камсыз болушу керек. Кабаттагы ар бир өрт бөлүгүндө сыртка, рампага, пандуска, рампанын алдындагы аянтка түз чыккан экиден кем эмес кирүү-чыгууну кароо керек. Көрсөтүлгөн чыгуунун бирин жакын жайгашкан өрт бөлүгү аркылуу кароого жол берилет.
5.1.22 Жер астындагы жана жер үстүндөгү автомобиль токтотуу жайларында сактоонун алыскы ордунан эвакуациялык чыгууга чейинки аралыгы эвакуациялык чыгуулардын ортосунда – 40 – 60 м, ал эми жайдын туюк бөлүгүндө – 20 – 25 м болушу керек.
5.1.23 Автомобиль токтотуу жайларынын көп кабаттуу имараттарында ар бир кабаттын жер таманынын туурасынан жана узунунан кеткен жантаймасы, трап жана лотоктордун төмөндө жайгашкан рампа жана кабаттарга суюктук түшпөгүдөй болуп жайгашуусу каралышы керек.
5.1.24 Кабаттардын ортосундагы эңкейиш тосмолордун жантаюусу 6% ашык болбошу керек.
5.1.25 Автомобиль токтотуу жайларынын көп кабаттуу имараттарында лифт ГОСТ Р 53296 талаптарына ылайык келиши керек.
50 машина-орундан ашык сактоочу жайы бар автомобиль токтотуучу жайларда бир жүк ташуучу лифтти орнотууга жол берилет, ал эми 100 машина-орунга чейин болсо эки жүк ташуучу лифтти жана 100 машина-орундан ашык жайларда эсептөө боюнча орнотулат. Лифттеги шахталардын жана кабиналардын эшиктеринин кеңдиги 2650 мм кем эмес, ал эми бийиктиги 2000 мм кем эмес ГОСТ Р 53771 талаптарына ылайык болушу керек. Жүргүнчүлөр үчүн лифттин кабинасынын көлөмү (жүргүнчү лифттин бирөөсүнүн) отургуч-араба (кресло-коляска) колдонгон калктын кыймылы чектелген тобун ташууну камсыз кылуу ГОСТ Р 51631 талаптарына ылайык керек.
5.1.26 Башка багыттагы имаратка кошулуп курулган автомобиль токтотуучужайларда жалпы кадимки тепкич бөлүгүн жана жалпы лифт шахталарын кароого жол берилбейт. Автомобиль токтотуучу жай менен башка багыттагы имараттын ортосунда функциялык байланышты камсыз кылуу үчүн автомобиль токтотуучу жайдын лифт шахталарынан жана тепкич бөлүгүнөн чыгуулар автомобиль токтотуучу жайдын кабаттарына өрт чыкканда аба тирөөчү менен 1-типтеги тамбур-шлюзду орнотуу менен аталган имараттын негизги кирүүсүнүн чоң далисине (вестибюль) каралышы керек. Автомобиль токтотуучу жайды имараттын, курулманын бардык турак жана коомдук кабаттары менен байланыштыруу зарыл болгон учурда, автомобиль токтотуучу жайдын жер астындагы бардык кабаттарына, тепкич бөлүгүнө жана лифт шахталарына кирүүгө (чыгуу), өрт чыкканда аба тирөөчү менен 1-типтеги тамбур-шлюзду, ошондой эле КР КЧ 21-01 ылайык жалпы тепкич бөлүктөргө жана лифт шахталарына өзүнчө тутум менен аба тирөөчтү орнотуу шартында “Өрт өчүрүүчү бөлүктөрүн ташуу” ГОСТ Р 52382 талаптарына ылайык тартибин камтыган жалпы тепкич бөлүктөрдү жана лифт шахталарын долбоорлоого жол берилет.
5.1.27 Автомобиль токтотуучу жайдын көп кабаттуу имараттарында автомобилдерди жайгаштыруу үчүн рампаларды, пандустарды, кабат аралык жантайма тосмолорду же атайын лифттерди (механизмделген түзүлүштөрдү) кароо керек.
Тизмектелген спираль жер таман конструкциясын колдонууда ар бир толук ором катар (ярус) болуп каралат. Жарым кабаттары менен көп кабаттуу автомобиль токтотуу жайлары үчүн кабаттардын жалпы саны экиге бөлүнгөн жарым кабаттардын саны катары аныкталат, кабаттын аянты жакын жайгашкан эки жарым кабаттын суммасы катары аныкталат.
5.1.28 Рампалардын жана автомобиль токтотуучу жайларга кирүү жана чыгуунун зарыл болгон саны биринчи кабаттан башка (жер астындагы автомобиль токтотуучу жайлардын бардык кабаттарында) кабаттарда жайгаштырылган автомобильдердин санына жараша автомобиль токтотуу жайынын иш тартибин, аны уюштуруу боюнча кыймылдын жана пландоо чечимдеринин интенсивдүүлүгүн эске алуу менен кабыл алынышы керек. Рампалардын тиби жана саны автомобилдердин төмөнкүдөй санында кабыл алынышы керек:
а) 100гө чейин–тиешелүү ишараттоосу (сигнализациясы) менен бир жолдуу рампадан бирөө;
б) 1000ге чейин–эки жолдуу рампадан бирөө же бир жолдуу рампадан экөө;
в) 1000 жогору - эки жолдуу рампадан экөө.
Кошулуп курулган жер астындагы автомобиль токтотуу жайынан кирүү-чыгуу, ошондой эле автомобильдерди ташуучу лифттен кирүү-чыгуу сырттан же автомобиль токтотуучу жай аркылуу биринчи кабаттан же жер төлө кабаттан каралышы керек.
5.1.29 Эвакуациялык тепкич бөлүгүнүн, аянттын жана 3-типтеги тепкичтин маршынын кеңдиги 1м кем болбошу керек.
5.1.30 Отко туруштук берүү даражасы I жана II, конструкциялык өрт кооптуулук классы C0 жана C1 жабык типтеги жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жайларда, ошондой эле ачык типтеги автомобиль токтотуучу жайларда обочолонбогон рампаларды орнотууга жол берилет. Мында жабык типтеги автомобиль токтотуучу жайладын өрт бөлүгүнүн аянты обочолонбогон рампалар менен бириктирилген кабаттардын аянтынын суммасы катары аныкталат. Мындай өрткө каршы бөлүктүн аянты 10400 м ашык болбошу керек.
Автомобиль токтотуу жайларында жер астындагы же жер үстүндөгү кабаттардын ортосуна жалпы обочолонбогон рампаларды орнотууга жол берилбейт.
5.1.31 Автомобиль токтотуучу жайларда рампалар жана пандустар төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
а) Жабык жылытылбаган жана ачык автомобиль токтотуучу жайларда түз рампалардын кыймыл тилкесинин огундагы узунунан жантаймасы 18%дан ашык эмес, ийри сызыктуу рампалардыкы – 13% ашык эмес, ачык рампалардын (атмосфералык жаан-чачындан корголбогон) узунунан жантаймасы 10% ашык эмес болушу керек.
Рампанын өтүү бөлүгү тоңуп калбасын үчүн жылытууда же башка инженердик чечимдерде ачык рампалардын жантаюусу жабык рампалардыкындай болушу керек;
б) рампалардын туурасынан жантаймасы 6% дан ашык болбошу керек;
в) жөө жүргүнчүлөр жүргөн рампаларда 0,1 м бийиктиктеги жол жээктери бар кеңдиги 0,8 м тротуар каралышы керек;
г) рампалардын жер тамандын узунунан кеткен тилкеси менен байланышы чукул болбошу керек, автомобильдердин төмөнкү чекитинен жер таманга (клиренс) чейинки аралыгы 0,1 м кем эмес болушу керек;
д) рампалардын өтүү бөлүгүнүн эң төмөнкү кеңдиги: түз сызыктуу жана ийри сызыктуу - 3,5 м;Кирүү жана чыгуу тилкесинин эң төмөнкү кеңдиги - 3,2 м, ал эми ийри сызыктуу тилкеде - 4,2 м;
е) ийри сызыктуу тилкенин эң төмөнкү тышкы радиусу - 7,4 м.
5.1.32 Автомобилдерди жүк ташуучу лифт (көтөргүч) менен ташууда жер астындагы жана жер үстүндөгү автомобиль токтотуу жайларынын сыйымдуулугу 100 автомобиль - орундан ашык болбошу керек.
Автомобиль токтотуу жайларын эки же андан көп кабаттарга жайгаштырууда шахтада өрт чыкканда аба тирегичи менен эки жүк ташуучу лифтти, отко туруштук берүү чеги кабат аралык тосмолордун отко туруштук берүү чегинен кем болбогон тосмо конструкцияларды орнотуу зарыл. Жүк ташуучу лифттердин шахталарынын эшиктери EI 60 ортко чыдамдуулук чегине ээ болушу керек.
5.1.33 Автомобиль токтотуучу жайлардын жер астындагы кабаттарынан биринчи же жертөлө кабатындагы автомобиль сактоочу аймак аркылуу чыгуу-кирүүгө жол берилбейт.
5.1.34 Өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү ташуу үчүн лифтти орнотууну талап кылган автомобиль токтотуучу жайлардын өрт өчүрүү чү бөлүгүндө“Өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү ташуу” ГОСТ Р 52382 тартибиндеги лифттер каралышы керек.
5.1.35 Рампага же дарбазанын жанындагы жакын жайгашкан өрт өчүрүүчү бөлүгүнө же дарбазага чыгуу үчүн кеңдиги 0,8 м болгон өрт өчүрүүчү эшик (калитка) каралышы керек.
Эшиктин босогосунун бийиктиги 0,15 м ашык болбошу керек.
5.1.36 Автомобиль сактоочу жайларда рампага же жакын жайгашкан өрт өчүрүүчү бөлүккө, ошондой эле чатырга (ал жакка автомобиль токтотуучу жайды жайгаштырган учурда) кирүү-чыгуу жеринде өрт учурунда күйүүчү майдын агып кетүүсүн алдын алуу үчүн иш-чаралар (күйүүчү май агып кетүүчү пандус-босоголорду, лотокторду орнотуу ж.б.) каралышы керек.
5.1.37 Жабык типтеги автомобиль токтотуучу жайларда рампанын жалпы бардык кабаттарында, эки же андан ашык кабаттан турган автомобиль токтотуучу жайларда автомобиль сактоочу жайлардын ар бир кабатында өрткө каршы тосмолор, дарбазалар жана абанын өтүү ылдамдыгы 10 м/с кем болбогон аба чорго көшөгөлөрү менен, агымдын баштапкы калыңдыгы 0,03 м кем эмес жана агымдын кеңдиги автомобиль сактоочу жай тараптан өрткө каршы дарбазалардын үстүндөгү корголуучу жылчыктын кеңдигинен кем эмес обочолонушу керек.
5.1.38 Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларда жер астында эки кабат болгон учурда жана жер астындагы кабаттардан тепкич бөлүккө чыгуулар жана лифт шахталарына чыгуулар өрт учурунда аба тирөөчү менен кабат боюнча тамбур-шлюз аркылуу каралышы керек.
5.1.39 Көп кабаттуу жер астындагы жана жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жайларда рампадан рампага транзиттик өтмөктү автомобиль сактоочу жай аркылуу аткарууга уруксат берилет.
5.1.40 Отко туруштук берүү даражасы I, II жана III болгон эки кабаттуу имараттар жанаконструкциялык өрт кооптуулук классы C0 болгон бокстор ортосунда отко туруштук берүү чеги ченемделбеген күйбөгөн материалдан тосмолору бар бир кабаттуу имараттарда ар бир бокстон тышка түз чыгуу болушу керек. Ошондой эле көрсөтүлгөн эки кабаттуу имараттарда тосмолор отко чыдамдуулук чеги REI 45 кем эмес өрткө каршы болушу керек. Бул бокстордун дарбазаларында өрт өчүрүүчү каражаттарды берүү жана бокстун өрткө каршы абалын контролдоону жүргүзүү үчүн 300 мм кем эмес өлчөмдөгү тешик болушу керек. Дарбазаларды торчо түрүндөгү тосмодон жасоого уруксат берилет.
5.1.41 Эки кабаттуу автомобиль токтотуу жайынын кабаттарын өрткө каршы тосмо менен бөлүүдө жана ар бир кабаттан обочолонгон кирүү-чыгуу бар болгондо өрткө каршы талаптар бир кабаттуу имарат сыяктуу ар бир кабатка белгиленет. Өрткө каршы тосмолордун отко чыдамдуулук чеги REI 60тан кем эмес болушу керек. Өрткө каршы тосмолордун жана алардын ортосундагы бекитүү түйүндөрүнүн бекемдигин камсыз кылуучу көтөрүүчү конструкциялардын отко чыдамдуулук чеги R 60тан кем эмес болушу керек.
5.1.42 Отко чыдамдуулук даражасы I жана II, конструкциялык өрт кооптуулугу С0 болгон автоматтык өрт өчүрүү тутуму менен жабдылган жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жайларда обочолонгон рампаларда өрткө каршы дарбазалар жок болгон учурда, күйбөгөн материалдан жасалган туурасынан багыттагычы менен жана өрт чыкканда кабат боюнча рампанын тешигин анын бийиктигинин жармынан кем эмес тосуп калуучу 1м тешиктин кеңдигине 1л/с суу сарптаган суу менен иштеген дренчер эки жиптүү автоматтык көшөгөсү менен автоматтык түзүлүш (түтүнгө каршы экран) каралышы керек.
5.1.43 Өрткө каршы тосмолордо жана тамбур-шлюздарда эшиктер жана дарбазалар өрт учурунда автоматтык түрдө жабылып калуучу түзүлүш менен жабдылышы керек.
5.1.44 Автомобиль токтотуучу жайлардын жер таман каптамы мунай өнүмдөрүнүн таасирине туруктуу болуп жана кургак тазалоого (анын ичинде, механизмделген) ылайыкталышы керек.
Андагы рампалардын жана жөө жүрүүчү жолчолор тайгаланбаган материалдан болушу керек.
5.1.45 “Өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү ташуу” ГОСТ Р 52382 тартибинен тышкары автомобиль токтотуучу жайлардын лифттери өрт учурунда аларды негизги түшүрүү кабатына көтөрүүнү (түшүрүүнү) камсыз кылуучу, эшиктерди ача турган жана кийин өчүрүүчү автоматтык түзүлүш менен жабдылышы керек.
5.1.46 Тосмо конструкциялардын жана лифт шахталарынын эшиктеринин (дарбаза) ортко чыдамдуулук чектери КР КЧ 21-01 аныкталган.
5.1.47 Автомобиль токтотуучу жайларда тепкич бөлүгүнүн эшиктеринин отко чыдамдуулугунун чеги EI 30 кем эмес жана алар өрткө каршы болушу керек.
5.1.48 Бийиктиги 15м ашык жер үстүндөгү жабык автомобиль токтотуучу жайлардын имараттарында, курулмаларында жана экиден ашык кабаттан (деңгээл) турган жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларда бирден кем эмес лифт “Өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү ташуу” ГОСТ Р 52382 тартиби менен каралышы керек. Лифт кабинасында 2100 же 1100 мм кем эмес өлчөмдөгү жер таман болушу, кабинанын жана шахтанын эшик жылчыгынын кеңдиги 900 мм кем болбошу керек.
Автомобиль токтотуучу жайлардагы “Өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү ташуу” ГОСТ Р 52382 тартиби менен иштеген лифттер ГОСТ Р 53296, ГОСТ Р 53297 жана КР КЧ 21-01 ылайык келиши керек.
5.1.49 Туруктуу сактоочу 200 автомобиль -орунга эсептелген автомобиль токтотуучу жайларда (турак үйлөрдүн астында жайгашкандан тышкары) тазалоочу куралдары жана суу менен жабдуунун айланма тутуму менен автомобиль жуучу жай каралышы керек. Мындай автомобиль токтотуучу жайларды КЧжЭ 2.04.03 ылайык долбоорлоо керек.
5.1.50 Посттордун саны жана тазалоо тиби (кол менен же автоматтык) 200 автомобиль -орундук бир постту уюштуруу жана кийинки ар бир толук жана толук эмес 200 автомобиль -орунга бир пост шарттарынан кабыл алынат жана долбоорлоо тапшырмаларында белгиленет.
5.1.51 Тазалоо түзүлүшүнүн ордуна долбоорлонуучу объектиден 400 м ашык эмес радиуста жайгашкан тазалоо пункттарын пайдаланууга жол берилет.
5.1.52 Жер астындагы автомобиль токтотуу жайларында автомобиль тазалоочу жайды, техникалык персоналдын жайын, соргуч өрт өчүрүүчү жана суу менен жабдууну, кургак трансформаторлор же күйбөгөн суюктук менен толтурулган трансформатордук көмөк чордондорду биринчи (жогорку) кабаттан төмөн эмес жайгаштырууга жол берилет.
Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайлардын башка техникалык жайларды (өрт өчүрүүдө же башка суу агып кетүүдө суу алуу үчүн автоматтык соргуч станциялары, суу өлчөө түйүндөрү, электр менен жабдуу жайлары, желдетме камералары, жылуулук пункттары ж.б.) жайгаштыруу регламенттелбейт.
5.1.53 Автомобиль токтотуучу жайларга кошулуп курулган имараттардын жайларынын ызы-чуу деңгээли ЭАКЧ 2.04-03 ылайык камсыз болушу керек.
5.1.54 Имраттардын чатырларын автомобиль токтотуучу жайлар катары колдонууда анын каптамына(жабуусуна) автомобиль токтотуучу жайлардын тосмолору үчүн коюлган талаптар белгиленет. Мындай пайдалануудагы чатырдын каптамынын үстүнкү катмары өрттү жайылтпоочу материалдардан каралышы керек (өрттү жайылтуу боюнча курулуш материалдарынын тобу РП1ден төмөн болбошу керек ).
5.1.55 Курулуп же реконструкцияланып жаткан автомобиль токтотуучу жайлар үчүн автомобильдерден атмосферага чыккан чыгындылар автомобильден чыккан чыгындылардын тарап кетүүсүн эсептөө менен аныкталат.
5.1.56 Жер астындагы, жарым жартылай жер астындагы, жабык кырдалган жана жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жайлардын колдонуудагы жалпак чатырларында жер үстүндөгү бакча сыяктуу архитектуралык-ландшафтык объектилерди кароого болот. Турак, коомдук жана башка имараттардын колдонуудагы жалпак чатырларын жашылдандыруу жана көрктөндүрүүнү добоорлоо боюнча сунуштар.
5.2 Ар кандай типтеги автомобиль токтотуучу жайларгаатайын талаптар
Жеңил автомобилдер үчүн жер астындагы автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.1 Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларда автомобиль -орундарды өзүнчө боксторго тосмолор менен бөлүүгө жол берилбейт.
Экиден ашык эмес кабаттан турган, курулуш түшпөгөн аймакта жайгашкан өзүнчө турган жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларда ар бир жер астындагы кабаттан түз тышка чыгуучу өз алдынча кирүү-чыгуусу каралышы керек.
5.2.2 Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайлардын чыгуу-кирүүсү (бастырма конструкциясы менен) КРнын Мамлекеттик курулуштун 2016-жылдын 27-майындагы №6нпа буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысынын, талаптарына ылайык функциялык өрт кооптуулук классы Ф1.1, Ф1.3 жана Ф4.1имараттардан алыс турушу керек. Ал эми турак жана коомдук имараттардан, Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер “Санитардык коргоочу чөлкөмдөр жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификциялоо”, 3-тиркемеге ылайык болушу керек.
5.2.3 Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайлардын жер таманында өрт өчүрүү учурунда жамгыр канализациясы тармагына же ошол жердеги тазалоочу курулмага түзүлүштүү же түзүлүшү жок рельефке суу кетүүчү түзүлүш каралышы керек.
5.2.4 Жер астындагы кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайлардын чыгуу-кирүү ошондой эле жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларга автомобильдерди ташууда лифттен чыгуу-кирүү сырттан же биринчи же жертөлө кабатындагы автомобиль токтотуучу жайлар аркылуу каралышы керек. Жер астындагы жана кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайлардан чыгуу-кирүү, алардын имараттын башка бөлүгү менен байланышы, жалпы лифт шахтасын орнотуу КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык келиши керек.
5.2.5 Жер астындагы жана жарым-жартылай жер астындагы автомобиль токтотуучу жайлардын үстүнө архитектуралык-ландшафтык объектилерди (мисалы, жер үстүндөгү бакчаларды) орнотууда төмөнкү талаптарды аткаруу зарыл:
а) автомобиль токтотуучу жайлардын үстүнкү каптамынын конструкциясы имаратка кирүү бөлүгүнүн конструкциясына окшош конструкцияны кабыл алат (ачык парковканы жарым-жартылай орнотуу үчүн);
б) жер үстүндөгү бакчанын аймагы автомобиль кирүүсүн чектөө үчүн бийиктиги 0,5 м борт менен чектелиши керек. Спорттук аянттар бийиктиги 4 м чейин тор менен тосулушу керек.
в) аянттарды (эс алуу, оюн жана спорт, балдар) вентиляциялык шахтадан 15 м алыс жайгаштыруу зарыл.
Жер үстүндөгү жабык типтеги автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.6 Отко туруштук берүү даражасы I жана II болгон жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жайларда өзүнчө бокстордожеке ээлердин автомобилдерин сактоодо бокстордун ортосундагытосмолордун отко чыдамдуулук чеги R 45,конструкциялык өр т кооптуулук классы - К0 болушу керек. Бул бокстордун дарбазалары (тышка түз чыгуучу дарбазалардан башкасы) торчо тосмо түрүндө каралышы керек.
5.2.7 Бокстордо көлөмдүү өрт өчүрүүчү орнотмону колдонууда өзүнчө бокстордун дарбазалары туюк, тешиги жок болушу керек. Мындай учурда бардыгы үчүн жалпы рампанын, пандустун кабаттарын автомобиль сактоочу жайлардан 5.1.37 талап кылынгандай өрткө каршы тосмолор менен ажыратпай токтотууга жол берилет.
5.2.8 Отко чыдамдуулук даражасы I-III, конструкциялык өрт кооптуулугу С0 болгон бир-эки кабаттуу имараттарда ар бир бокстон тышка түз чыгуу бар болгон учурда, отко туруштук берүү чеги ченемделбеген күйбөгөн материалдан (К) тосмолорду, ошондой эле туюк дарбазаларды жасоо керек. Ошондой эле эки кабаттуу имараттарда кабат аралык тосмолор өрткө каршы жана отко чыдамдуулук чеги REI 45 болушу керек.
Жер үстүндөгү тегиздик түрүндөгү ачык типтеги бир деңгээлдүү автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.9 Жер үстүндөгү тегиздик түрүндөгү ачык типтеги бир деңгээлдүү автомобиль токтотуучу жайлардын (фундаментсиз) тосмосу, жайылтылган чыгуу-кирүү орду, өрт өчүрүү каражаты болушу керек. Аларда күзөт да, ишараттоо(сигнализация) жана убакытты эсепке алуу каражаттары, башка автоматташтырылган тутумдар бар.
5.2.10 Автомобиль токтотуучу жайга чейинки кирүү-чыгуунун эң төмөнкү аралыгы төмөнкүдөй кабыл алынышы керек:
- магистралдык көчөлөрдүн кесилишинен 50 м:
- жергиликтүү маанидеги көчөлөрдөн 20 м;
- коомдук жүргүнчүлөр транспортунун аялдамасынан 30 м.
Жер үстүндөгү ачык типтеги автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.11 Табигый желдетүүчү (механикалык тартуусуз) жана өрт чыкканда түтүнгө каршы вентиляциясы жок жер үстүндөгү ачык типтеги (жеңил автомобильдер үчүн) автомобиль токтотуучу жайдын имаратынын кеңдиги (каршы дубалдагы ачык тешиктердин ортосундагы) 40 м ашык болбошу керек.
5.2.12 Желдетүүнү кыйындатуучу боксторду, дубал курулмаларын (тепкич бөлүгүнүн дубалдарынан тышкары) жана тосмолорду орнотууга жол берилбейт.
5.2.13 Тышкы тосмо конструкцияларынын ачык тешиктерин тор же жалюзи менен жаап токтотууга жол берилет, ал эми ачык тешиктердин үстүнө атмосфералык жаан-чачындын таасирин азайтуу үчүн күйбөгөн материалдан (К) калканч жана жалюзи кароого болот. Ошондой эле КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабатты өтмө желдетүү менен камсыз кылуу зарыл.
5.2.14 Отко туруштук берүү даражасы IV болгон эвакуациялык тепкич бөлүгүндөгү тосмо конструкциялары жана анын элементтери отко чыдамдуулук деңгээли III болгон имараттын тепкич бөлүгүнө коюлган талаптарга ылайык келиши керек.
5.2.15 Жер үстүндөгү ачык типтеги автомобиль токтотуучу жайлардын түтүн кетүүчү жана вентиляция тутумунун каралышы талап кылынбайт.
5.2.16 Ачык типтеги автомобиль токтотуучу жайларда өрт өчүрүүнүн биринчи каражаттарын, жеке коргонуу каражаттарын жана өрт өчүрүү куралдарын сактоо үчүн жылытылуучу жай каралышы керек (биринчи кабатта).
5.2.17 Ачык типтеги автомобиль токтотуучу жайларда тышкы дубалдардын тешиктеринде коргоочу түзүлүштөрдү колдонууга жол берилет, ал эми ачык тешиктердин үстүндө атмосфералык жаан-чачындын таасирин азайтуу үчүн күйбөгөн материалдан (К) калканчтар каралышы мүмкүн. Мында автомобиль токтотуу жайы (кабат) өтмө желдетүү менен камсыз болушу керек.
5.2.18 Ар бир кабаттан экиден кем эмес эвакуациялык чыгуу каралышы керек.
Эвакуациялык чыгуу катары жарым кабаттынтепкич бөлүгүнө пандус менен өтүү жолу колдонулган учурда өтмөктүн кеңдиги 0,8 м жана 0,10 – 0,15 м кем эмес болуп өтүү бөлүгүнүн үстүнө көтөрүлүп же дөңгөлөк таканчыгы менен тосулган болушу керек.
5.2.19 Ачык типтеги автомобиль токтотуучу жайлардын бардык имараттарында тепкич бөлүктүн конструкциясы алардын отко чыдамдуулук деңгээлине карабастан отко чыдамдуулук чеги REI 90 кем эмес жана конструкциялык өрт кооптуулук классы К0 болууга тийиш.
5.2.20 Автомобиль токтотуучу жайларда көчмө өрт өчүрүү техникасы үчүн тышка чыгарылган кыска түтүктө тескери клапаны менен ийилген кургак түтүктөр каралышы зарыл.
Модулдук тез курулуучу автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.21 Модулдук тез курулуучу автомобиль токтотуучу жайлар – конструкцияларды зыян келтирбестен ажыратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон (убактылуу курулма) типтүү бир түргө келтирилген (унификацияланган) элементтерден чогултулган металл конструкциясы, анда кабаттар менен парковка орундары жайгаштырылат. Конструкцияны тирөөч темир бетон плиталарга же тез курулуучу фундаменттерге орнотушат. Модулдук тез курулуучу автомобиль токтотуу жайлары манеждик, механизмделген, жарым жартылай механизмделген типте болушу мүмкүн.
5.2.22 Модулдук кошумча курулмалар колдонуудагы тегиздик түрүндөгү автомобиль токтотуучу жайлардын үстүнө автомобиль -орундун санын көбөйтүү үчүн ачык аянттарда колдонулат. Аларды куруу капиталдык курулушка кирбейт, зарыл болгон учурда алар бузулуп алынышы же башка аянтка көчүрүлүшү мүмкүн. Модулдук кошумча курулмалар кабаттар менен жана түрдүү конфигурацияда орнотулушу мүмкүн.
5.2.23 Модулдук кошумча курулмалар жарык берүүчү түзүлүштөр жана коопсуздук тосмолору менен жабдылышы керек.
Механизмделген автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.24 Механизмделген автомобиль токтотуучу жайларда сактоо орундары жана парковка бокстору ар бирине суу жетүүсүн камсыз кылган автоматтык өрт өчүрүү каражаты менен жабдылган учурда автомобильди кабыл алуу блогунан орунга жана кайра артка жеткирүү жана орнотууда механизмделген жеткирүү каражаттарды пайдалануу менен автомобильдерди көп кабаттуу текче түрүндө сактоого жол берилет.
Механизмделген жана жарым-жартылай механизмделген автомобиль токтотуучу жайларда автомобиль - орундун тыш өлчөмү жана сактоо орундарынын саны жабдуунун көлөмүн жана чогултууну эске алып техникалык талаптар менен аныкталат. Механизмделген автомобиль токтотуучу жайлардын тутуму төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
а) мунара түрүндөгү–бир же эки координаттуу манипулятору менен лифт тибиндеги борбордук көтөргүчтөн турган жана анын эки-төрт тарабында автомобиль сактоо үчүн узунунан же туурасынан текчелер жайгаштырылган туурасынан багытталган көп орундуу өзүн көтөрүүчү конструкция;
б) көп кабаттуу – автомобиль сактоо үчүн туурасынан эки катар стационардык орундар, алардын ортосунда механизмделген түзүлүштү өткөрүү үчүн мейкиндик каралган;
в) текче көп орундуу – автомобиль сактоо үчүн бир же эки катардан турган орундары менен текче, аларды жайгаштыруу көтөргүчтөр жана эки же үч координаттуу манипулятор менен жүргүзүлөт;
г) айланма (ротордук)– автомобилдерди ийри сызыктуу траектория боюнча жайгаштыруу;
д) матрицалык тутумдун үч өлчөмдүүсү - автомобиль токтотуучу жайдын мейкиндигинин автомобильди матрица көлөмүндө сактоодо жылдырма орундар менен максималдуу толтурулушу аркылуу мүнөздөлөт.
5.2.25 Механизмделген автомобиль токтотуучу жайлардын жер үстүндө жана жер астында долбоорлоого жол берилет. Жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жайлар башка багыттагы имараттардын (стационардык дарылоо уюмдарынан, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан тышкары) туюк дубалына (отко чыдамдуулук чеги REI 150 кем эмес ) кошуп курууга жол берилет. Башка багыттагы имараттарга кошуп курулган же аларга уланып курулган механизмделген автомобиль токтотуучу жайлардын бийиктиги негизги имараттын бийиктиги менен аныкталат.
5.2.26 Сактоо жайларынын, орундарынын курамы жана аянты, автомобиль токтотуучу жайдын параметрлери автомобиль парковка тутумдары колдонгон техникалык өзгөчөлүктөргө ылайык кабыл алынат.
Механизмделген түзүлүштөрдү башкаруу, алардын ишин жана автомобиль токтотуучу жайды өрт коопсуздугу боюнча контролдоонутүшүрүү кабатында жайгашкан диспетчердик жайдан жүргүзүү керек. Механизмделген автомобиль токтотуучу жай өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
- автомобиль кезегин жайгаштыруу үчүн терминалга кирүү жолу;
- автомобилдерди механизмделген автомобиль парковкасына өткөрүү терминалдары;
- автомобилдерди узунунан жана туурасынан жылдыруучу механизмделген түзүлүш;
- механизмделген түзүлүштөрдүн жумуш тармактары;
- автомобилдерди сактоо орундары.
5.2.27 Механизмделген автомобиль токтотуучу жайларды КР КЧ 21-01 ылайык автоматтык өрт өчүрүү түзүлүшү менен жабдуу керек.
5.2.28 Жер үстүндөгү механизмделген автомобиль токтотуучу жайлардын имараттары (курулмалары) C0 өрт кооптуулук классында болушу керек. Жер үстүндөгү отко чыдамдуулук даражасы IV болгон имараттарда (курулмаларда) күйбөгөн материалдан же Г1 тобундагы материалдан корголбогон металл каркас жана тосмо конструкцияларды колдонууга жол берилет, мында күйүп кетүүчү жылуулук сактоочу материалдарды колдонбоо зарыл.
5.2.29 Механизмделген түзүлүшү бар автомобиль токтотуучу жайлардын блогу үчүн бийиктиги 28 м ашпаган имараттар жана сыйымдуулугу100 автомобиль - орундан көп эмес каралышы керек. Механизмделген автомобиль токтотуучу жайлардын ар бир блогуна өрт өчүрүүчү автомобильдин кирүүсү жана автомобиль токтотуу жайынын эки каршы тарабынан (айнектелген же ачык тешиктер аркылуу) бардык кабатка (ярус) өрт өчүрүүчүлөр бөлүгүнүн кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек.
Курулманын бийиктиги жер үстүнөн 15м чейин болгон учурда блоктун сыйымдуулугун 150 автомобиль -орунга чейин көбөйтүүгө жол берилет. Механизмделген түзүлүшү бар автомобиль токтотуучу жайлардын блогунда механизмделген түзүлүш тутумун кабат боюнча техникалык тейлөө үчүн күйбөгөн (К) материалдан ачык тепкичти орнотууга жол берилет.
5.2.30 Механизмделген автомобиль токтотуучу жайларды отко чыдамдуулукдаражасы IV төмөн эмес жана С0 конструкциялык өрт кооптуулугу классында долбоорлоого жол берилет.
Жер астындагы механизмделген автомобиль токтотуучу жайларда өрт өчүрүү бөлүгүндө 1-типтеги өрткө каршы дубалдар жана тосмолор менен бөлүнгөн өзүнчө жайлар каралышы керек.
5.2.31 Ачык типтеги механизмделген автомобиль токтотуучу жайларда тосмо конструкциялар 5.2.13 ылайык каралышы мүмкүн. Вентиляция жана түтүн кетүүчү тутумдарынын каралышы талап кылынбайт.
Кырдалган автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.32 Кырдалган автомобиль токтотуучу жайлар турак райондордун, кичи райондордун, кварталдардын ички короо аймагында куруу үчүн арналган, анда автомобиль токтотуучу жайдын чатыры оюн жана спорт аянттарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн колдонулат.
5.2.33 Автомобиль токтотуучу жайдан жана анын вентиляциялык шахтасынан башка багыттагы имаратка чейинки аралык, Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер «Санитардык коргоочу чөлкөмдөр жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификциялоо”.
5.2.34 Автомобиль токтотуучу жайдын кырдалган тарабынан имаратка чейинки эң кичине аралыкка чек коюлбайт.
5.2.35 Кырдалган автомобиль токтотуучу жайдын конструкциялык өрт кооптуулук классы C0 төмөн, отко чыдамдуулук даражасы II төмөн каралбашы керек.
Жарым-жартылай механизмделген автомобиль токтотуучу жайлар
5.2.36 Отко чыдмадуулук даражасы III төн төмөн эмес (жер астындагы автомобиль токтотуу жайларынын отко чыдмадуулук даражасы I ден төмөн эмес) конструкциялык өрт кооптуулук классы C0 имараттарда жайгашкан жарым-жартылай механизмделген парковкасы менен автомобиль токтотуучу жайларда бир кабаттын чегинде эки деңгээлдүү автомобиль сактоонун каралышына жол берилет. Мындай автомобиль токтотуучу жайларда суу менен автоматтык өрт өчүрүү түзүлүшүн колдонууда суу берүүчүнү жайгаштыруу сактоонун бардык деңгээлиндеги автомобилдерге суунун жетишин камсыз кылуусу керек.
5.2.37 Жер астындагы бир кабаттуу жарым-жартылай механизмделген автомобиль токтотуучу жайларда КР КЧ 21-01 ылайык автомобильдерди кабатта эки катарга жайгаштырууга уруксат берилет.
5.2.38 Сактоонун курамы, жайдын, аянты, орду, автомобиль токтотуучу жайдын параметрлери колдонулган автомобилдерди парковкалоо тутумунун техникалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык кабыл алынат.
5.2.39 Жарым-жартылай механизмделген автомобиль токтотуучу жайларда сактоонун ар бир деңгээлинде экиден кем эмес эвакуациялоо үчүн бөлүнгөн чыгуу каралууга тийиш.
6 Инженердик тармактар жана инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары
6.1 Жалпы талаптар
6.1.1 Автомобиль токтотуучу жайдын инженердик-техникалыккамсыз кылуу тармактарынжана алардын инженердик жабдууларын ушул курулуш ченемдеринде атайын сүйлөшүлгөн учурлардан башка учурларда КЧжЭ 2.04.01, КЧжЭ 2.04.03, КЧжЭ 2.04.05, КЧжЭ 2.06.15 жана КР КЧ 21-01 талаптарын эске алуу менен кароо керек.
Автомобиль токтотуучу жайларда вентиляция тутумдарына талаптарды жарылуу жана өрт кооптуулугу В категориясына кирген кампа имараттары сыяктуу көрсөтүлгөн документтер боюнча кабыл алуу керек.
6.1.2 Автомобиль токтотуучу жайлардын көп кабаттуу имараттарында тосмо аркылуу өткөн инженердик коммуникациялардын тилкелери (суу түтүгү, канализация, жылуулук менен жабдуу) металл түтүктөрдөн жасалышы керек.
6.1.3 Отко чыдамдуулук чеги ченемделген курулуш конструкциялары аркылуу кабелдик линиялар жана инженердик тутумдардын электр сымдары, анын ичинде өрткө каршы коргонуу өткөн жерлерде отко чыдамдуулук чеги мындай конструкциялардын отко чыдамдуулук чегинен төмөн болбогон кабелдик өткөөл каралышы керек. Автомобиль токтотуучу жайларда колдонулган электр кабелинин кыртышы КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык келиши керек.
6.1.4 Автомобиль токтотуучу жайлардын инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары функциялык өрт кооптуулугу башка класстагы өрт бөлүгүнүн инженердик тармактарынан өзүнчө болушу керек.
Автомобиль токтотуучу жай кошулуп (уланып) курулган имаратка таандык инженердик коммуникациялар автомобиль токтотуучу жайдын жайлары аркылуу өткөрүлгөн учурда аталган тармактар (суу түтүгү, канализация, жылуулук менен жабдуу, металл түтүктөн жасалгандан башка) отко чыдамдуулук чеги EI 45 төмөн эмес курулуш конструкциялары менен обочолонулушу керек.
6.2 Суу менен жабдуу жана суу бөлүү тутуму
6.2.1 Жабык типтеги жылытылган автомобиль токтотуучу жайлардын ички өрт өчүрүүсүнүн бир агымынын саны жана суунун эң аз сарпталышы төмөнкүдөй кабыл алынышы керек:
- өрт өчүрүү бөлүгү 0,5-5000 ге чейин болгон учурда 2,5 л/сдан 2агымдан;
- 5000ден жогору болгондо 5л/с дан 2 агымдан;
Ар бир бокстон тышка түз чыгуусу барбокс тибиндеги бир жана эки кабаттуу автомобиль токтотуучу жайларда өрткө каршы ички суу түтүгүнүн каралышына талап коюлбайт.
6.2.2 Жылытылбаган автомобиль токтотуучу жайларда өрткө каршы ички суу менен жабдуу тутумдары КР КЧ 21-01 ылайык аткарылат.
Ар бир бокстон тышка түз чыгуусу бар бокс тибиндеги бир жана эки кабаттуу автомобиль токтотуучу жайларда өрткө каршы ички суу түтүгүнүн каралышына талап коюлбайт.
6.2.3 Башка багыттагы имараттарга кошулуп (уланып) курулган 50 жана андан аз автомобиль - орундук сыйымдуулуктагы автомобиль токтотуучу жайларда инженердик-техникалык камсыздоо жана өрт коопсуздугун камсыздоочу тармактар бул имараттардын инженердик тутумдарынан бөлүнгөн болушу керек. 50 жана андан аз автомобиль - орундук сыйымдуулукта, вентиляциядан башка (анын ичинде, түтүнгө каршы), аталган тутумдарды бөлүү талап кылынбайт. Өрт өчүрүүдө суу сарптоонун эң жогорку көлөмүн эске алуу менен соргучтарды топко бириктирүүгө жол берилет.
6.2.4 Эки же андан көп кабаттуу жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларда өрт өчүрүүчү ички суу түтүгү жана өрт өчүрүүнүн автоматтык түзүлүштөрү көчмө өрт өчүрүү техникасын кошуу үчүн тышка чыгарылган туташтыргыч бөрк, чоргожана тескери клапаны менен жабдылган кыска түтүктөр менен жабдылышы керек.
6.2.5 Баардык типтеги автомобиль токтотуучу жайлар үчүн имараттын тышкы өрт өчүрүүсүнө сууну эсептик сарптоо КР КЧ 21-01 документтерге ылайык каралат.
6.2.6 Өрт өчүрүү соргучу жана өрткө каршы суу түтүгүнүн ортосундагы керектөөчү тармактакайтмаклапанды орнотуу керек.
6.2.7 Автомобиль токтотуучу жайларда автомобильдерди эки же андан ашык катарда сактоодо автоматтык суу менен өрт өчүрүүнүн суу берүүчү түзүлүшүн жайгаштырууда сактоонун ар бир деңгээлиндеги автомобильге суу жетүүсүн камсыз кылуу керек.
6.3 Жылытуу, жылуулук тармактары, вентиляция жана түтүнгө каршы коргоо.
6.3.1 Жылытылуучу автомобиль токтотуучу жайларда автомобиль сактоочу жайлар үчүн абанын эсептелген температурасы 5°С төмөн эмес, жуугуч күзөттөрүндө, электр шиттеринин жайында, суу түтүгүнүн кирүү түйүнүндө - 5°С болуп кабыл алынышы керек.
6.3.2 Жылытылбаган автомобиль токтотуучу жайларда жылуулук 5.1.8 көрсөтүлгөн көмөкчү жайлар үчүн гана каралышы керек.
Ар дайым чыгууга даяр болуучу автомобилдерди (өрт өчүрүү, тез жардам, авариялык абал ж.б.) сактоо үчүн жылытылуучу жайлар каралышы зарыл.
6.3.3 Жабык жылытылуучу автомобиль токтотуучу жайларда жылытуу сактоо бөлүгү жана рампа үчүн каралышы керек. Жылуу жана жылытылбаган жабык жана ачык автомобиль токтотуучу жайларда жуугуч туруктарда, контролдоо-өткөргүч пункттарында, диспетчер бөлмөсүндө, ошондой эле электр щит бөлүгүндө, өрт өчүрүү соргуч бөлүгүндө, суу түтүгү кирүү түйүнү жылытылган болушу керек.
6.3.4 Жылытылган автомобиль токтотуучу жайлардын сактоо аймагында 50 жана андан ашык автомобилди жайгаштырууда кирүү-чыгуу тышкы дарбазаларын аба-жылытуучу көшөгө менен жабдуу зарыл.
6.3.5 Жабык типтеги автомобиль токтотуучу жайлардын автомобиль сактоочу жайларында зыяндуу газ бөлүп чыгарууларды аралаштыруу жана жок кылуу үчүн кошулуу эсеби боюнча кирме-соруп чыгаруучу вентиляция каралышы керек.
Жер үстүндөгү жабык типтеги жылытылбаган автомобиль токтотуучу жайларда механикалык түрдө иштөөчү кошулуу вентиляциясы тышкы тосмолордогу тешиктерден 20м ашык алыс жайгашкан аймактар үчүн каралышы керек.
6.3.6 Жабык типтеги автомобиль токтотуучу жайларда СО концентрациясын өлчөө үчүн түзүлүштөрдү жана күнү-түнү нөөмөттөтурган персоналдын жайында СОну контролдоо боюнча ишараттоочу тиешелүү түзүлүштү орнотуу каралышы керек.
6.3.7 Соруп чыгаруучу аба өткөргүчтүн өрткө каршы тосмо менен кесилишинде өрткө каршы клапандар орнотулушу керек.
Өрткө каршы тосмолор менен бөлүнгөн транзиттик аба өткөргүчтөр КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык каралышы керек.
6.3.8 Жер үстүндөгү жана жер астындагы жабык автомобиль токтотуучу жайларда өрт чыккан кабаттын автомобиль сактоочу жайынан жана обочолонгон рампалардан күйгөн заттарды чыгаруу үчүн КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык түтүнгө каршы вентиляция тутумун кароо зарыл.
6.3.9 Түтүндү чыгаруу механикалык тарткыч менен аба соргуч шахта аркылуу каралышы зарыл. Жер үстүндөгү эки кабатка чейинки жана жер астындагы бир кабаттуу автомобиль токтотуучу жайларда түтүндү табигый чыгаруу жолун кароого жол берилет. Мындай учурларда фрамуганы ачуу үчүн механизмделген кыймылдаткыч менен жабдылган, тешиктер аркылуу табигый аба соргучу бар түтүн шахтасынын аба соргуч түзүлүшү зарыл. Башка багыттагы имаратка кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайларда түтүндү ачылма тешиктер аркылуу чыгарууга жол берилбейт.
Түтүндү чыгарууга талап кылынган чыгымдар, шахталардын, түтүн клапандарынын саны жана ачылма фрамуганын аянты эсептөө менен аныкталат. Жер үстүндөгү жана жер астындагы жабык автомобиль токтотуучу жайларда күйгөн заттарды жайдан чыгарууда бир аймакта өрт чыккандыгын эске алып, аларды аянты 3000ден ашык эмес түтүн чыгуу бөлүгүнө бөлүштүрүү керек. Бир түтүн чыгаруучу түзүлүш каралган жайдын аянты 1000 м ашык кабыл алынат. Түтүн шахтасына кошулган мындай түзүлүштүн саны чектелбейт.
6.3.10 Автомобиль токтотуучу жайдын тышка түз чыгуучу тепкич бөлүгүндө жана лифт шахтасында өрт учурунда аба тирөөчү же бардык кабаттарга өрт учурунда аба тирөөчү менен 1-типтеги тамбур-шлюздар төмөнкүдөй учурларда каралышы керек:
а) жер астындагы экиден ашык кабат болгондо;
б) эгер тепкич бөлүктөрү жана лифттер автомобиль токтотуучу жайдын жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлүгүн байланыштырганда;
в) эгер тепкич бөлүктөрү жана лифттер автомобиль токтотуучу жайдын башка багыттагы имараттын жер үстүндөгү кабаттары менен байланыштырса.
6.3.11 Өрт учурунда жалпы венитляцияны өчүрүү каралышы керек.
Түтүнгө каршы коргоо тутумун иштетүү тартиби (ырааттуулугу) аба соргуч вентиляциянын биринчи иштешин (агып кирмеден мурда) кароого тийиш.
6.3.12 Түтүнгө каршы коргоо тутумун башкаруу өрт ишараттоосунан (же өрт өчүрүүнүн автоматтык түзүлүшүнөн), өрткө каршы тутумдарды башкаруу тутумунун борбордук пультунан аралыктан, ошондой эле баскыч же автомобиль токтотуучу жайдын кабатына кире бериште, кабаттардын тепкич аянтында (өрт өчүрүү крандар шкафында) орнотулган кол менен иштетүүчү механикалык түзүлүштөн жүргүзүлүшү керек.
6.3.13 Түтүнгө каршы коргоо тутумунун элементтери (желдеткич, шахталар, аба өткөргүчтөр, клапандар, түтүн чыгуучу түзүлүштөр ж.б.) КЧжЭ 2.04.05 жана КР КЧ 21-01 ылайык каралышы керек.
Аба соргуч түтүнгө каршы вентиляция тутумунда өрткө каршы (анын ичинде түтүн) клапандардын түтүн жана газ кирүүгө каршылык КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык 1,6·10 м/кг аз эмес болушу керек.
6.3.14 Түтүнгө каршы кирме-аба соргуч вентиляциянын негизги параметрлерин аныктоодо төмөнкү маалыматтарды эске алуу керек:
- жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жайдын төмөнкү кабатында, ал эми жер астындагы автомобиль токтотуучу жайда жогорку жана төмөнкү кабаттарда өрт чыкканда (эки же андан көп деңгээлдүү механизмделген автомобиль токтотуучу жайда бир же эки же андан көп автомобиль күйүп кеткенде);
- типтүү кабаттын (ярус) геометриялык мүнөздөмөсү – тешиктердин эксплуатациялануучу аянты, тосмо конструкциялардын аянты;
- салыштырма өрт өчүрүү жүгү;
- эвакуациялык чыгуу тешиктеринин жайгашуусу (өрт өчүрүү кабатынан тышкы чыгууларга чейин ачык);
- тышкы аба параметрлери.
6.3.15 Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайдын вентиляциялык шахтасын долбоорлоого талаптар КР КЧ 21-01 көрсөтүлгөн.
100 жана андан ашык автомобиль-орундуу сыйымдуулуктагы автомобиль токтотуучу жайдын аба соргуч вентиляциялык шахтасы көп батирлүү турак үйлөрдүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, интернат-үйлөрүнөн уктоочу корпустарынын, дарылоо мекемелеринин стационарларынын тилкелеринен 30 м кем эмес аралыкта жайгашуусу зарыл. Аталган шахталардын вентиляциялык тешиктери жер деңгээлинен 2 м төмөн эмес жайгашуусу керек. Сыйымдуулугу 10 автомобиль -орундан көп автомобиль токтотуучу жайларда вентиляциялык шахтадан аталган имараттарга чейинки аралык жана алардын курулманын чатырынын деңгээлинен бийик болушу, турак жайлар курулган аймактын атмосферасына чыгындынын таралуу эсеби жана ызы-чуу деңгээли менен аныкталат. Турак үйлөргө кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайлардын вентиляциялык жабдууларынын ызы-чууну сиңирүүсү түнкү убакта иштөөнү эске алып эсептелиши керек.
6.4 Электр менен жабдуу тармактары
6.4.1 Автомобиль токтотуучу жайдын электр менен жабдуу жана электротехникалык түзүлүштөрү Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы №78 “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык долбоорлоонушу керек.
6.4.2 Электр менен жабдууну пайдалануунун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча автомобиль токтотуучу жайларды төмөнкүдөй категорияларга киргизүүгө болот:
а) I категорияга –өрткө каршы коргоодо, анын ичинде, автоматтык өрт өчүрүүдө жана автоматтык ишараттоодо, түтүнгө каршы коргонууда, өрт өчүрүү бөлүктөрүн ташуу үчүн лифттерде, өрт тууралуу билдирүү тутумунда, өрткө каршы дарбазалардын электр кыймылдаткыч механизмдеринде, газ баллондуу автомобильдерди сактоочу жайларда абаны автоматтык контролдоо тутумунда колдонулган электр түзүлүштөрү;
б) II категория – лифттердин электр кыймылдаткычтары жана автомобильдерди жайгаштыруу үчүн механизмделген түзүлүштөр; дарбазаларды кол кыймылысыз ачуу механизминин электр кыймылдаткычы жана дайым чыгууга даяр болуучу автомобильдерди токтотуучу жайдын авариялык жарыктандыруусу;
в) III категория – автомобиль токтотуучу жайдын техникалык жабдууларынын калган электр пайдалануучулары.
Өрткө каршы түзүлүштөр пайдалануучу электр кабелдери имараттын (курулманын) кирүүчү щиттерине түз туташтырылышы керек жана бир убакта башка ток кабыл алуучуга тартып келүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.Өрткө каршы тутум пайдаланган кабелдик линиялар өзөгү жез, отко туруштук берүүчү кабелдерден жасалышы керек. КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык аларды башка электр кабыл алуу үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
6.4.3 Автомобилдерди сактоо жайларынын жарыктандыруусу ЭАКЧ 2.04-05 талаптарына ылайык каралышы керек.
6.4.4 Авариялык (эвакуациялык) жарыктандыруу тармагына төмөнкү жарык көрсөткүчтөрү кошулушу керек:
а) ар бир кабаттагы эвакуациялык чыгуулар;
б) автомобилдердин жүрүү жолдору;
в) өрт өчүрүү техникасын кошуу үчүн туташтыруучу бөрк орундары;
г) алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын орнотуу орундары;
д) тышкы гидранттардын жайгашуу орундары (курулманын фасадында);
е) имараттын, курулманын фасадында номер белгилери;
ж) соргуч өрт өчүрүү жайларынын кирүүлөрү.
6.4.5 Автомобиль токтотуучу жайлардын ичиндеги автомобиль кыймылынын жолдору айдоочуну багыттоочу көрсөткүчтөр менен жабдылышы керек.
Кыймылдын багытын көрсөтүүчү чырактар бурулуштарда, жантайманын өзгөргөн жеринде, рампаларга, кабатка кирүүдө, кабаттардагы жана тепкич бөлүгүнө кирүү жана чыгууларда орнотулат. Кыймылдын багытын көрсөткүчтөр бардык чекиттен түз көрүнүү чегинде эвакуация жолдорунда жана автомобиль өтмөктөрүндө жер тамандан 2 жана 0,5 м бийиктикте орнотулат. Өрт өчүрүү техникасы үчүн туташтыруучу бөрктөрдү, өрт өчүрүү крандарын жана өрт өчүргүчтөрдү орнотуу орундарындагы жарык көрсөткүчтөрү өрт өчүрүү тутумунун автоматикасынын иштеши менен автоматтык түрдө күйүшү керек.
6.4.6 Жабык типтеги автомобиль токтотуучу жайларда ар бир кабатка кирүүдө 220В чыңалуудагы өрт өчүрүү техникалык-электрлешкен жабдууну пайдалануу мүмкүнчүлүгү үчүн I категория боюнча электр менен жабдуу тармагына кошулган розетка орнотулушу керек.
6.5 Автоматтык өрт өчүрүүчү жана өрткө каршы автоматтык ишараттоосу(сигнализация)
6.5.1 Автоматтык өрт өчүрүүчү жана автоматтык ишараттоо, автомобиль токтотуучу жайларда пайдаланылган өрт тууралуу билдирүү, КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык келиши керек.
6.5.2 Автоматтык өрт өчүрүүчү түзүлүштүн тиби, өчүрүү ыкмасы жана өрт өчүрүү каражаттарынын түрү КР КЧ 21-01 ылайык кабыл алынат.
6.5.3 Жабык типтеги автомобиль токтотуучу жайлардагы автоматтык өрт өчүрүү автомобиль сактоочу жайда төмөнкүдөй каралышы керек:
а) жер астындагы – кабатка карабастан;
б) жер үстүндөгү – эки же андан ашык кабатта;
в) бир кабаттуу жер үстүндөгү отко чыдамдуулугу I, II жана III аянты 7000 м жана андан ашык, отко чыдамдуулугу IV, конструкциялык өрт кооптуулук классы C0, аянты3600 мжана андан ашык, конструкциялык өрт кооптуулук классы C1 - 2000 мжана андан ашык, конструктциялык өрт кооптуулук классы C2, C3 - 1000 м жана андан ашык; автомобилдерди бул имараттагы бөлүнгөн бокстордо сактоодо (6.2.2 ылайык бөлүнгөн)–бокстун саны 5тен көп болгондо;
г) башка багыттагы имараттарга кошулуп курулган;
д) көпүрөнүн алдында жайгашкан;
е) механизмделген автомобиль токтотуучу жайларда;
ж) башка багыттагы имараттарга кошулуп же уланып курулган сыйымдуулугу 10 автомобиль -орундан көп эмес.
6.5.4 5.2.6 талаптарына ылайык бөлүнгөн бокстору менен автомобиль токтотуучу жайларда ар бир боксто өрт өчүрүүнүн модулдук түзүлүшүн пайдаланууда (өзү иштеген модулдар) бокстордун ортосундагы өтмөктөрдө автоматтык өрт өчүрүүнү кароо талап кылынбайт, ошону менен бирге, аталган өтмөктөр кабат боюнча (типтер ОП-50, ОП-100) типтеги көчмө өрт өчүргүч менен жабдылышы керек, өтмөктөрдүн аянты 500 м чейин - бир кабатка 1 д., 500 ашык болгондо- бир кабатка 2 д. эсептелет.
6.5.5 Автоматтык өрт ишараттоосу менен төмөнкүлөр жабдылышы керек:
а) аянты 6.5.3 көрсөтүлгөндөн азыраак же 25 автомобиль -орундук жер үстүндөгү жабык типтеги бир кабаттуу автомобиль токтотуучу жайларда;
б) бөлүнгөн бокстор жана алардын ортосундагы өтмөктөрдө ар бир боксто өрт өчүрүүнүн модулдук түзүлүшүн пайдаланууда (өзү иштеген модулдар).
6.5.6 Автоматтык өрт өчүрүүчүсү жана ишараттоосу каралбаган бокстук типтеги бир жана эки кабаттуу автомобиль токтотуучу жайларда ар бир бокстон тышка чыгуу каралышы керек.
6.5.7 Сыйымдуулугу 50 автомобиль - орунга чейинки жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларда (функциялык өрт кооптуулугу Ф1.4 классчадагы имараттарга кошулуп же уланып курулгандан тышкары) билдирүү тутуму жана 2-типтеги, 50дөн жогору жана 200 автомобиль - орунга чейин 3-типтеги, 200дөн жогору – 4-типтеги эвакуацияны башкаруу менен жабдылышы керек.
Жабык типтеги жер үстүндөгү сыйымдуулугу100 автомобиль -орунга чейинки автомобиль токтотуучу жайлар эки же андан ашык кабаттан турганда (ар бир бокстан тышка түз чыгуусу бар жана механизмделген автомобиль токтотуу жайларынан тышкары) билдирүү тутуму жана 1-типтеги, 100 автомобиль -орундан ашык болгондо 2- типтеги эвакуацияны башкаруу менен жабдылышы керек.
А тиркемеси (милдеттүү)
Автомобиль токтотуучу жайларда автомобиль - орундардын тыш өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулган автомобилдердин классификациясы
Автомобилдин классы (тип)
Тыш өлчөм, мм, ашык эмес
Тыш өлчөмдүк эң кичине радиус, мм
Узундугу L
Кеңдиги B
Бийиктиги H
Кичине
3700
1600
1700
5500
Орточо
4300
1700
1800
6000
Чоң
5160
1995
1970
6200
Микроавтобустар
5500
2380
2300
6900
Э с к е р т ү ү:
1 Автомобилдерди сактоочу жайларга токтотуудагы м аз эмес аралыктар коопсуздуктун жол берилген эң кичине жылчыгын эске алуу менен кабыл алынат: 0,8 – автомобилдин узатасынан кеткен тарабы менен дубалдын ортосундагы, 0,8 - дубалга параллель орнотулган автомобилдин узатасынан кеткен тарабы ортосундагы, 0,5 - автомобилдин наанын узатасынан кеткен тарабы менен мамы же дубалдынпилястрасынын ортосундагы.
-автомобилди токтотууда автомобильдин алдыңкы тарабы менен дубалдын же дарбазанын ортосундагы: 0,7 –түз сызыктуу, 0,7 –ийри сызыктуу,
- автомобилди токтотууда автомобильдин арткы тарабы менен дубалдын же дарбазанын ортосу:
0,7 - түз сызыктуу, 0,7 - ийри сызыктуу, 0,6 –бири-биринин артына турган автомобилдердин ортосундагы;
- бокстук сактоодо:
кеңдиги - B+1600 мм, узундугу - L+1400 мм.
2 Жайгаштырылган автомобилдердин типтери (классы) долбоорлоо тапшырмасында аныкталат.
3 Эң кичине тыш өлчөмдүк радиус – автомобилдин бурулушунун эң кичине радиусу (же бурулуштун эң кичине диаметри ) автомобилдин тышкы алдыңкы дөңгөлөгүнүн изи боюнча аныкталат. Бул маани кузов боюнча (алдыңкы бампер боюнча) бурулуштун эң кичине радиусунун маанисинен кичине.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы № 7-нпа "Кыргыз Республикасында айылдык калктуу…Приказ · 20.09.2016 · № 7-нпа
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 201
- Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.06.2016 · № 78 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 6-нпа "Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу…Приказ · 27.05.2016 · № 6-нпа · Күчүн жоготкон