# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 28-октябрындагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Баратовичтин өкүлүн каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 28-октябрындагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Баратовичтин өкүлүн каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 410
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1065/edition/362590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 28-октябрындагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Баратовичтин өкүлүн каттоо жөнүндө" токтому (28.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20029

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 28-октябры № 410 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Баратовичтин өкүлүн каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Варатовичтин өкүлү болуп 1973-жылы туулган, Кыргыз юридикалык академиясынын конституциялык жана муниципалдык укуктар кафедрасынын доценти Атабекова Нургуль Каримовна катталсын.

2. Атабекова Нургуль Каримовнага Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун өкүлүнүн күбөлүгү берилсин.

3. Бул токтом "'Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
