# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17–декабрындагы № 323-п "Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17–декабрындагы № 323-п "Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 323-п
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-737/edition/924614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17–декабрындагы № 323-п "Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200284

---

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2025-жылдын 11-январындагы № 8-п буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ТЕСКӨӨ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ БУЙРУК 2018-жылдын 17–декабры № 323-п Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун 1-тиркемесинин 26-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. “Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө” жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жана аудитти өнүктүрүү саясаты бөлүмү ушул буйрукту тиркеме менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын расмий веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун тиркемелеринин көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү Б.М.Жолдошевге жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук “Аудитордук ишти жөнгө салуу жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы №377 токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

С.Т.Муканбетов
