# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 16-нпа "КР КЧ 21-02:2018 «Автоунаага май куюучу станциялар Өрткө каршы ченемдерди» бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 16-нпа "КР КЧ 21-02:2018 «Автоунаага май куюучу станциялар Өрткө каршы ченемдерди» бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 16-нпа
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-730/edition/912313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 16-нпа "КР КЧ 21-02:2018 «Автоунаага май куюучу станциялар Өрткө каршы ченемдерди» бекитүү жөнүндө" буйругу (12.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200276

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ ПРИКАЗ 2018-жылдын 12-ноябры № 16-нпа КР КЧ 21-02:2018 «Автоунаага май куюучу станциялар Өрткө каршы ченемдерди» бекитүү жөнүндө Өрт коопсуздугу камсыз кылуу максатында автоунааларга май куюучу станцияларды жайгаштырууга, долбоорлоого жана курууга, келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, токтомун жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери 21-01:2018 «Автоунаага май куюучу станциялар. Өрткө каршы ченемдер» бекитилсин.

2. Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту (мындан ары ШКжАМДИ).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-ж. 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарынын расмий жарыяланышынын булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн.

- буйрук расмий жарыялангандан кийин үч күндүн тартып ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн а Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүшсүн;

- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.

4. КР КЧжЭ 21-01-99 «Автоунаага май куюучу станциялар долбоорлоо боюнча курулуш ченемдери. Өрткө каршы ченемдер» колдонулуусу токтотулсун.

5. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.

Директор

Б. Абдиев
