# Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө " буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө " буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-728/edition/905760/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө " буйругу (12.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200271

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ БУЙРУК 2018-жылдын 12-сентябры № 1 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) бирдиктүү ченемдерин белгилөө жана маселелерди иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (макулдашуу боюнча) ушул буйруктун ченемдерин тийиштүү жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде ишке ашырууну камсыздашсын.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин оорук башкармалыгынын башчысы төмөнкүлөр боюнча иш-чараларды уюштурсун:

- катталгандан тартып, үч жумуш күндүн ичинде "Эркин Тоо" гезитине расмий түрдө жарыялоо же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жайгаштыруу;

- буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдөгү, ченемдик актынын жарыяланган булагын көрсөтүү менен эки нускадагы көчүрмөсүн, расмий жарыялангандан тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберүү.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын (материалдык-техникалык камсыздоо боюнча) орун басарына жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник

Э.Дж. Тердикбаев
