# Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 30 августундагы № 01 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 «Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методологияны жана мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык пландаштыруунун негиздерине шайкештигине баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 30 августундагы № 01 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 «Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методологияны жана мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык пландаштыруунун негиздерине шайкештигине баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 01
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-727/edition/1292130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 30 августундагы № 01 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 «Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методологияны жана мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык пландаштыруунун негиздерине шайкештигине баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу (30.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200269

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРИЛИГИ БУЙРУК 2018-жылдын 30 августу № 01 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 «Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методологияны жана мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык пландаштыруунун негиздерине шайкештигине баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Региондук пландоо документтерин иштеп чыгуу процессинин катышуучуларына методологиялык колдоо көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 «Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методологияны жана мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык пландаштыруунун негиздерине шайкештигине баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методология» 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын Программаларга мониторинг жүргүзүү жана экспертизалоо бөлүмү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык, ушул буйрукту белгиленген тартипте каттасын.

- ушул буйрукту расмий жарыялоо жана министрликтин сайтына жайгаштыруу жана аны белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча чараларды көрсүн;

- расмий жарыяланган күндөн үч жумуш күндүн ичинде, ушул буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы ушул буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;

- күчүнө кирген күндөн үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына жөнөтсүн.

3. Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту статс-катчыга, министрдин орун басарларына, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана министрликтин ведомстволук органдарынын жетекчилерине жеткирсин.

4. Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын Программаларга мониторинг жүргүзүү жана экспертизалоо бөлүмү ушул буйрукту министрликтерге жана административдик ведомстволорго жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү маселелерин тескөөгө алган министрдин орун басарына жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министр

О.М.Панкратов
