Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин «Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 15-августундагы № 3-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИЛИГИ БУЙРУК 2018-жылдын 06-августу № 3-ДП Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу Ички аудит боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда ички аудиторлорду квалификациялык сертификациялоо системасын ишке киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүн, “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 157-Б “Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясынын башкармалыгы:
1) бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жɵнɵтсүн;
3) бул буйрукту күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жɵнɵтсүн.
4. Коомчулук менен байланышуу сектору бул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.
Министр
А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 15-августундагы № 3-Б "Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругуПриказ · 15.08.2023 · № 3-П
- КР Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 157-п “Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” буйругуПриказ · 14.09.2015 · № 157-п · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 15-августундагы № 3-Б "Мамлекеттик сектордо ички аудиторду сертификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругуПриказ · 15.08.2023 · № 3-П
- Ички аудит жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 25
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 157-п “Кыргыз Республикасында ички аудиторлорду окутуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” буйругуПриказ · 14.09.2015 · № 157-п · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.