# Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 2018-жылдын 03-майындагы №1/2 "2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунайзаттарды жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында индикативдүү баланстар боюнча ведомстволор аралык комиссиясын түзүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 2018-жылдын 03-майындагы №1/2 "2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунайзаттарды жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында индикативдүү баланстар боюнча ведомстволор аралык комиссиясын түзүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 1/2
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-710/edition/872307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 2018-жылдын 03-майындагы №1/2 "2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунайзаттарды жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында индикативдүү баланстар боюнча ведомстволор аралык комиссиясын түзүү жөнүндө" буйругу (03.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200244

---

ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУЙРУК 2018-жылдын 03-майы №1/2 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунайзаттарды жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында индикативдүү баланстар боюнча ведомстволор аралык комиссиясын түзүү жөнүндө 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунайзаттарды жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун шарттарын аткаруу максатында (мындан ары - Макулдашуу) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Туруктуу ведомстволор аралык комиссиясы тиркемеге ылайык түзүлсүн (мындан ары - Комиссия).

2. Мунайдын индикативдик (болжолдук) балансын жана мунайзаттардын (автомобилдик бензин, дизелдик отун, күйүүчү мазут, реактивдүү кыймылдаткыч үчүн отун, битум) индикативдик (болжолдук) баланстарын жыл сайын иштеп чыгуу жана мунай өндүрүмдөрүн Макулдашуунун чегинде ар дайымдагы негизде берүүнү координациялоо Комиссиянын негизги маселеси болуп аныкталсын.

3. Комиссияга жумушка мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызматкерлерин тартуу ошондой эле, керектүү маалыматтарды суроого укук берилсин.

4. Отун ресурстары жана жылуулук менен жабдуу бөлүмү:

- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматына, Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясына маалымдасын;

- ушул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик катто үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.А.Орозбековго жүктөлсүн.

Төрага

У.Д. Рыскулов

Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана жерказынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин приказы менен бекитилген N\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ «\_\_\_\_»\_\_\_\_\_\_\_\_\_2018 ж.

Тиркеме

2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунайзаттарды жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында индикативдүү баланстар боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын курамы

1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы - комиссиянын төрагасы.

2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасын орун басары - комиссиянын төрагасынын орун басары.

3. Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары - комиссиянын төрагасынын орун басары.

4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин орун басары, комиссиянын мүчөсү.

5. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары, комиссиянын мүчөсү.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын мүчөсү.

8. Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча).
