# Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 31-январындагы №33 “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө” буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 31-январындагы №33 “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө” буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-701/edition/1070720/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 31-январындагы №33 “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө” буйругу (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200232

---

КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 1 дп буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИЛИГИ

БУЙРУК 2018-жылдын 31-январы №33 “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун (2017-жылдын 25-январындагы № 44 редакциясында) жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине:

- катталган пестициддерди жана агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын атайын каталогуна дайыма киргизип турууну камсыз кылсын;

- жылына бир жолу мыйзам менен белгиленген тартипте КР АЧТАӨЖММнин буйругу менен бекитилүүчү, “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогуна толуктоолор” китепчесин чыгарсын.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө КР АЧТАӨЖММнин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине жүктөлсүн.

Министр

Н. Мурашев
