Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө” буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства сельского, водного хозяйства и развития регинов КР от 21 июня 2021 года № 1 дп "Об утверждении государственного каталога пестицидов и агрохимикатов, разрешенных к применению в Кыргызской Республике на 2021-2030 гг."» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-21.
КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 1 дп буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК 2018-жылдын 31-январы №33 “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун (2017-жылдын 25-январындагы № 44 редакциясында) жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине:
- катталган пестициддерди жана агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын атайын каталогуна дайыма киргизип турууну камсыз кылсын;
- жылына бир жолу мыйзам менен белгиленген тартипте КР АЧТАӨЖММнин буйругу менен бекитилүүчү, “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогуна толуктоолор” китепчесин чыгарсын.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө КР АЧТАӨЖММнин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине жүктөлсүн.
Министр
Н. Мурашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 1 дп "2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддер…Приказ · 21.06.2021 · № 1 дп
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым…Постановление · 25.01.2017 · № 44 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241