# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 209 "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 209 "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22530/edition/869307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 209 "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"токтому (16.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200227

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-апрели № 209 "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене. 2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол төмөнкүдөй эскертме менен ратификациялансын: "Кыргыз Республикасы КМШ Экономикалык сотунун ишин каржылоого тиешелүү мезгилге республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде катышат.". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
