Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Маммлекеттик комитети «Кен-байлыктардын жана пайда болгон пайдалуу казылып алынуучу кендердин мамлекеттик кадастрын жүргүзүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ БУЙРУК
2018-жылдын 3-апрели №01-7/158 Кен-байлыктардын жана пайда болгон пайдалуу казылып алынуучу кендердин мамлекеттик кадастрын жүргүзүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык ошондой эле,Кырыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесин колдонмого алып, Кен-байлыктардын жана пайда болгон пайдалуу казылып алынуучу кендердин мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тартибин аныктоо максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык Кен-байлыктардын жана пайда болгон пайдалуу казылып алынуучу кендердин мамлекеттик кадастрын жүргүзүү Эрежелери бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Геология башкармалыгы, Жер казынасы боюнча саясат башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо жана аны мамлекеттик катто үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберүү боюнча чараларды кабыл алсын;
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо 2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.А. Сапаралиевге жүктөлсүн;
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет;
5. Ушул буйруктун көчүрмөсү, буйрук күчүнө киргенден кийин маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
Төрага
У.Д. Рыскулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон