# КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу маммлекеттик комитети 2018-жылдын 11-апрелиндеги №01-7/171 "Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу маммлекеттик комитети 2018-жылдын 11-апрелиндеги №01-7/171 "Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 01-7/171
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-698/edition/880314/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу маммлекеттик комитети 2018-жылдын 11-апрелиндеги №01-7/171 "Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө" буйругу (11.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200216

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ БУЙРУГУ

2018-жылдын 11-апрели № 01-7/171 Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттин же муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыздоо кылуу жана коргоо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланууда келип чыккан кооптуу жана зыяндуу факторлордон курчап турган чөйрөнү коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркемеге ылайык пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелер бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул буйруктун көчүрмөсү, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

Председатель

У.Д. Рыскулов
