# КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын 15-декабря №11-нпа "Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы-курдуруучу (бирдиктүү заказчы, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө жобону жана Курулушта техникалык көзөмөлдөө, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын 15-декабря №11-нпа "Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы-курдуруучу (бирдиктүү заказчы, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө жобону жана Курулушта техникалык көзөмөлдөө, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11-нпа
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/200211/edition/1192871/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын 15-декабря №11-нпа "Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы-курдуруучу (бирдиктүү заказчы, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө жобону жана Курулушта техникалык көзөмөлдөө, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" буйругу (15.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200211

---

АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ БУЙРУК

2017-жылдын 15-декабря №11-нпа Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы-курдуруучу (бирдиктүү заказчы, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө жобону жана Курулушта техникалык көзөмөлдөө, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө Буйрутма берүүчү-үйкуруучунун иш-милдеттерин жана маселелерин иретке келтирүү максатында курулуш объектилеринде курулуш контролду, көз карандысыз техникалык көзөмөлдү жана техникалык көзөмөлдү жүргүзүү жана уюштуруу процедураларын жөнгө салуу үчүн жана КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республика Өкмөтү тарабынан аткаруу бийликтин бир катар мамлекеттик органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Мамкурулуш) жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Бекитилсин:

- Курулуш чөйрөсүндөгү заказчы-курдуруучу (бирдиктүү заказчы, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Курулушта техникалык көзөмөлдөө, көз карандысыз инженердик уюм, техникалык аудит жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Мамкурулуштун басма сөз катчысы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары-ЖТТКжИД) менен биргеликте ушул буйруктун катталган күнүнөн тартып үч күндүк мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:

- «Эркин-Тоо» гезитинде ушул буйруктун расмий түрдө жарык көрүшү;

- Кыргыз Республика Өкмөтүнүн жана Мамкурулуштун расмий веб-сайттарында ушул буйруктун расмий түрдө жарык көрүшү.

3. Мамкурулуштун кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ЖТТКжИД менен биргеликте:

- ушул буйруктун расмий жарыяланган күнүнөн тартып бир жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилде, 2 нускада, буйруктун көчүрмөлөрү кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагы көрсөтүлүп, Кыргыз Республика Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жөнөтүлсүн;

- буйруктун күчүнө кирген күнүнөн тартып бир жумуш күндүк мөөнөттө буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республика Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул буйрук расмий түрдө жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары У.К.Кокочаровго жүктөлсүн.

Статс-катчы

С. Борубаев
