# КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-б "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-б "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 140-п
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-689/edition/1020711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-б "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" буйругу (30.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200166

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ БУЙРУК 2017-жылдын 11-октябры № 140-б Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б, 2020-жылдын 30-мартындагы № 42-Б буйруктарынын редакцияларына ылайык) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 49-беренелерине ылайык, даттанууларды жана нааразылыктарды кароонун жол-жоболорун жакшыртуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркелген, Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б буйругунун 1-пунктундагы 6-абзац күчүн жоготсун.

2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 1-ДП буйругу менен бекитилген, "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияга, комиссиянын жаңы курамы түзүлгөнгө чейин даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча ишти ишке ашыруу ыйгарым укугу берилсин. (КР Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-Б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү бөлүмү ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоо жүргүзсүн (Исраилова А.О.).

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (Даникеев У.О.):

- бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;

- бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- бул буйруктун көчүрмөсүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.

5. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыздасын (Туголбаева Г.Т.).

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.

7. Ушул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу расмий жарыяланган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-октябрында № 110 жарыяланды

Министр

А.А. Касымалиев
