# КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б "Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү" буйругу

- Толук аталышы: КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б "Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 112-п
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-686/edition/839154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б "Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү" буйругу (22.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200157

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2017-жылдын 22-августу № 112-б Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин иш жүзүнө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү бөлүмүнө ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоо жүргүзсүн (Исраилова А.О.).

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (Даникеев У.О.):

- бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин Too" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;

- бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- бул буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.

4. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын (Туголбаева Г.Т.).

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын финансы министри

А.Касымалиев
