Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин «Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ 2017-жылдын 22-августу № 112-б Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин иш жүзүнө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү бөлүмүнө ушул буйрукту белгиленген тартипте каттоо жүргүзсүн (Исраилова А.О.).
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (Даникеев У.О.):
- бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин Too" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
- бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын (Туголбаева Г.Т.).
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.К.Азимовго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын финансы министри
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 22-августундагы № 112-б буйругу менен бекитилди) "Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурсту жүргүзүүнүн ТАРТИБИ"Порядок · 22.08.2017 · № 112-п
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигин 2022-жылдын 17-майындагы № 85-Б "Электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 17.05.2022 · № 85-П · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон