Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекттик комитетинин «Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелери» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКТТИК КОМИТЕТИ БУЙРУК 2016-жылдын 28-декабры №1/2 Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелери Пайдалуу кендерди комплекстүү, туура пайдалануу жана жер казынасын коргоо боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык БУЙРУК КЫЛАМ: Тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелери бекитилсин; Комитеттин жер казынасын пайдалануу боюнча саясат башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Комитеттин төрагасынын орун басары А.А.Сапаралиевге тапшырылсын. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул буйруктун көчүрмөсүн, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага
Д.Т. Зилалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.