# КР Тышкы иштер министринин 2017-жылдын «16»-мартындагы 36-п сандуу жана КР Башкы прокуроратурасынын 2017-жылдын «27»-мартындагы 13-п сандуу "КР ТИМ жана КР БП ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Регламентин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Тышкы иштер министринин 2017-жылдын «16»-мартындагы 36-п сандуу жана КР Башкы прокуроратурасынын 2017-жылдын «27»-мартындагы 13-п сандуу "КР ТИМ жана КР БП ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Регламентин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 36-п
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-683/edition/839144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Тышкы иштер министринин 2017-жылдын «16»-мартындагы 36-п сандуу жана КР Башкы прокуроратурасынын 2017-жылдын «27»-мартындагы 13-п сандуу "КР ТИМ жана КР БП ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Регламентин бекитүү жөнүндө" буйругу (16.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200152

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН

БУЙРУК 2017-жылдын «16»-мартындагы 36-п сандуу 2017-жылдын «27»-мартындагы 13-п сандуу

КР ТИМ жана КР БП ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-июлундагы № 404 токтому менен бекитилген, “Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн” Типтүү регламентин аткаруунун алкагында: БУЙРУК КЫЛАБЫЗ: Тиркелген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эки тараптуу укуктук жардам көрсөтүүсү тууралуу талаптарын аткаруу жаатында өз ара аракеттенүү Регламенти (мындан ары-Регламент) бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердин аймактарында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Регламент менен жетектелет. Регламент менен таанышуу жана аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жөнөтүлсүн. Регламенттин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун көзөмөлдөөчү орун басарларына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору

Э. Абдылдаев

И. Джолдубаева
