# КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 7-июлунун № 2 «Тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу

- Толук аталышы: КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 7-июлунун № 2 «Тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-677/edition/839122/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 7-июлунун № 2 «Тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу (07.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200141

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА БАЙЛАНЫШ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ БУЙРУК от 7 июля 2017 года № 2 «Тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө» Жобонун 9-пунктун камсыздоо максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тарамдар аралык байланыштыруу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартиби төмөнкү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кадрлар жана иш кагаздары бөлүмү, белгиленген тартипте каттоо жүргүзсүн, ошондой эле ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнө тааныштырсын.

3. Пресс-катчы, ушул буйрукту белгиленген тартипте «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин расмий веб-сайтына расмий жарыяласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Э.А.Аматовго жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

Б.Н.Шаршембиев
