Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Транспорт жана жол министрлигинин «Темир жол транспортунда кайтаруунун жана коштоп баруунун Эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2017-жылдын 15-майы № 170 Темир жол транспортунда кайтаруунун жана коштоп баруунун Эрежелерин бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 сандуу токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык жана “Темир жол транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ: Темир жол транспортунда кайтаруунун жана коштоп баруунун Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин. Кыргыз Республиксынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2003-жылдын 23-июлундагы №196 “Кыргыз темир жолу башкармалыгынын аскерлештирилген күзөт бөлүмү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз темир жолу башкармалыгынын аскерлештирилген күзөт бөлүмүнүн ишин уюштуруунун эрежеси жөнүндө буйругу күчүн жоготту деп таанылсын. Бул буйрук расмий түрдө жарыялангандан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин. Бул Буйруктун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Жусубалиев А. көзөмөлдөөгө алсын.
Министр
Ж.Калилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Темир жол транспорту жөнүндөЗакон · 18.07.2016 · № 121
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.